Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 30.09.2023

Түштөн кетпеген апакай кыз

Azattyk.org 

Булар мектепти бүтүп жатканда класстагы балдардын баары апакай көйнөкчөн кызды сүйүшчү. Жаңы бийкечтен кынтык табыш кыйын эле, табият ага берешендик менен өңдү да, акылды да ченебей бериптир. Өзбек жазуучусу Өткүр Хашимовдун “Ак булут, аппак булут” аңгемесин кеп кылабыз. Өткүр Хашимов өзбек адабиятынын таанымал классиктеринин бири, Ташкентте төрөлүп, өз шаарында билим алып журналистика менен көркөм чыгармачылыкты эриш-аркак ала жүрүп, эгемендик заманда коомдук ишмер катары эмгеги сиңген сүрөткер. Читать дальше...

Токтогулдагы экотуризм. Туристтер суктанган корук

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чолпон-Ата айыл аймагы туристтер кызыккан жайга айланды. Эл аралык уюмдар жергиликтүү эл менен бирге демилге көтөрүп, соңку эки жылдан бери экотуризмди өнүктүрүүгө аракет кылып келет.

"Математиканы тарыхчы окутат". Мектептерде мугалим тартыш

Azattyk.org 

Кыргызстанда мугалим жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда. Айрым мектептерде мугалим жетишпей бир жыл бою сабактар өтүлбөй жатса, айрым мектептерде башка сабактан берген мугалимдер сабак өтүүгө аргасыз. Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларда мугалимдик кесипке даярдаган бюджеттик орундардын санын көбөйтө турганын айтууда.

Өкмөт 2024-жылы ички дүң өнүм 1,5 трлн сомдой болот деп болжоп жатат

Azattyk.org 

Министрлер кабинети 29-сентябрда жыйынга чогулуп, өлкө экономикасына байланыштуу бир катар маселелерди, анын ичинде "2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндөгү" мыйзамдын долбоорун карады. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда өкмөт башчсы Акылбек Жапаров өлкөдө ички дүң өнүм 2024-жылы 1 триллион 464 миллиард сомду түзөт деп божомолдоп  жаткан айтты. Андан сырткары келерки жылы бюджеттин профицити 20 миллиард сомго пландалып жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Сузакта Кашка-Терек - Катраңкы жолундагы жер көчкү тазалана элек

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда Кашка-Терек - Катраңкы жолуна түшкөн жер көчкү тазалана элек. Буга көчкүнүн өзүндөгү жарака себеп болуп жатат. Маалыматка караганда, көчкү 27-сентябрда таңга маал жолдун 17-500 чакырымына, Көк-Арт дарыясынын сол жээгиндеги жантаймадан түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 150 миң метр кубга жакын.  Көчкү жолдун 200дөц метрин жана четиндеги сарайдын теңин басып калган. Кырсыктан улам машиналардын каттамы убактылуу токтотулду. Читать дальше...

Пакистанда эки мечиттеги жардырууда ондогон адам набыт болду

Azattyk.org 

Пакистанда жума күнү, 29-сентябрдагы эки мечиттеги катуу жардырууда ондогон адам мерт болуп, дагы бир канча киши жараат алды. Биринчи жардыруу Белужистан провинциясында орун алды. Баштапкы маалыматтарга караганда кол салууда 50дөн ашык кишинин өмүрү кыйылып, жүздөй тургун жараат алды. Экинчи жардыруу Пешевардагы мечиттердин биринде болду. Анда уранды алдында кеминде 40тай адам калганы кабарланып жатат. Белужистандын бийлиги жардырууну жанкечти уюштурган болушу ыктымалдыгын, ал өзүн мечиттин... Читать дальше...

Президенттин кеңешчиси тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирди. Ал 29-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына "идеянын өзү туура, колдоого аларлык" деп жазды. Анда желектеги күндүн нурун "күн карамага" окшоштургандар дагы бар экенин белгилеп, “чыныгы күн нуруна окшоштурганыбыз туура” деп билдирди. “Чынында "биз 30 жыл башкаларга күн карамадай болуп келдик" деп өзүңүздөр деле айтып каласыздар. Эми гана өлкөбүз өнүгүп-өсүү жолуна ишенимдүү багыт алды. Читать дальше...

ӨКМ машыгуу маалында сиреналар катуу жаңырарын эскертти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-октябрда машыгуу маалында Бишкек жана Ош шаарларында, облустар менен район борборлорунда сиреналар кыска мөөнөткө катуу жаңырарын билдирди. Мындан улам жарандарга кайрылып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. "3-октябрда саат 10дон 11ге чейинки аралыкта беш мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз. Бул машыгуу! Машыгуунун максаты - өзгөчө кырдаалдар катталган учурда адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу. Читать дальше...

Тоолуу Карабакты таштай качкан адамдардын саны 100 миңге чамалады

Azattyk.org 

Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 100 миңге чукулдады. Бул тууралуу Ереван 29-сентябрда кечинде кабарлады. Армян өкмөтү алардын ичинен 20 миңден ашыгы мамлекеттик турак-жай менен камсыз болгонун билдирди. Ушул жылдын башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңдей адам жашап жаткан.   Аталган жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй  ал жактан  армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган. Читать дальше...

Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттө үч жашар бала мерт болду

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы Чүй проспектисинде көп кабаттуу үйлөрдүн биринен тутанган өрттө үч жашар бала мерт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, кырсык тууралуу 29-сентябрда, 17.35 кабар түшкөн. “Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлгөн. Батирдин балкону толук өрттөнүп, анын кесепетинен 2020-жылы туулган бала мерт болду”,-деп жазылган маалыматта. Өрттүн тутанган себеби такталып жатат. Былтыр өрттөн өлкөдө 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып... Читать дальше...

Активист Мелис Аспеков кайра камалды

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май райондук соттун чечими менен президент Садыр Жапаровдун мурдагы пикирлеши, активист Мелис Аспеков эки айга камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ) Аспековго Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (кылмышка даярдык көрүү) жана 278-берене (массалык башаламандыктар) менен айып таккан. Мунун алдында социалдык тармактарда Аспековго байланыштуу делген аудио жазуу жарыяланган. ИИМ буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *