Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 13.09.2023

"Настоящее Время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко каза болду

Azattyk.org 

"Настоящее время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко 13-сентябрда оорудан көз жумду. 35 жаштагв Олег "Настоящее время" телеканалында 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал жаңылыктардын продюсери, маалымат программаларынын башкы редактору, НВ-digital командасында видео редактор болуп эмгектенген. Буга чейин ал Беларустагы алдыңкы көз карандысыз медиаларда иштеген. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жеффри Гедмин Ануфриенконун жакындарына көңүл айтты. "Кесиптешибиздин өлүмү мени кайгыга салды. Читать дальше...

Өзбекстанда прокуратура журналист Мирзаевага алты жыл сурады

Azattyk.org 

Ташкент шаарынын Шайхантахур райондук сотунда өткөн жараянда прокурор журналист, Өзбекстандын Эмгек министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Мавжуда Мирзаеваны алты жылга эркинен ажыратууну судьядан өтүндү. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу 12-сентябрда жазды. Мирзаева "жалган жала жабуу" жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери боюнча айыпталууда. Андан тышкары прокурор Мирзаевага журналисттик ишмердик менен алектенүүгө үч жылга тыюу салууну сурады. Мирзаева - Kompromatuzb иши боюнча айыпталгандардын бири. Читать дальше...

“Ромео менен Жульетта” кайрадан сахнада

Azattyk.org 

“Тунгуч” жаштар драма театры “Ромео менен Жульетта” спектаклин кайра иштеп чыгып, көрөрмандарга тартуулады. Улуу драматург Уильям Шекспирдин классикалык чыгармасы 400 жылдан бери дүйнө элдеринин сахнасынан түшпөй келет. 2010-жылы Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында көрүүчүлөргө тартууланган.

Депутат Мадумаров менен жазуучу Шакир абакта калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту тергөө абагындагы Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Соттун алдына депутаттын тарапташтары, туугандары чогулуп, аны бошотууну талап кылып турушту. Сот жазуучу, публицист, УКМКнын тергөө абагында отурган Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Ош мэриясы өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэриясы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулган жөө адамдар өтүүчү өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу түшүндүрмө берди. Аталган мекеме аны “деформациялык ажырым (шов)” деп атады. 13-сентябрда социалдык тармактарда Ошто жаңы курулган өтмөк көпүрөдөгү жарака туралуу видео тараган. Бул өтмөк шаардагы негизги Масалиев көчөсүндөгү жол тыгынын алдын алуу максатында быйыл майда курула баштаган. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген.  Бирок курулушу толук аяктай элек. Читать дальше...

1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздоо бөлүгү орто эсеп менен 38% жогорулайт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров "2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн индексациялоо коэффициенти 1,38 өлчөмүндө белгиленди. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Бул үчүн 3,9 млрд сом каралды. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орто эсеп менен 1692 сомго көп. Читать дальше...

Президент Жапаров баштаган делегация Дүйшөмбүгө барат

Azattyk.org 

14-сентябрда президент Садыр Жапаров баштаган делегация Дүйшөмбүдө өтө турган Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп жатканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, сапарда Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. "Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой... Читать дальше...

Ливиядагы сел: миңдеген киши каза болду, миңдегени дайынсыз

Azattyk.org 

Ливиядагы селде беш миңден ашуун киши набыт кетип, миңдеген адам жоголду. Эл аралык коомчулук апаат каптаган аймакка жардам жөнөтө баштады. Кош бийлик башкарып турган Ливиядагы каргаша мамлекетке болуп көрбөгөндөй зыян алып келди.



Президент Жапаров үч министрди кызматка дайындады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри жана Гүлнара Баатырованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындады. Жапаров тийиштүү жарлыктарга бүгүн, 13-сентябрда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш аларды министр кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, колдоп берген. Президент Жапаровдун 7-сентябрдагы жарлыктары менен өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Читать дальше...

УКМК "Кыргызавтожол" ишканасынын өкүлдөрүн жемкорлукка айыптап жатат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы бөлүмүнүн кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди. Мекеме алар Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоо иштерине бөлүнгөн акчаны кымырып алганы, анын 1 млн 900 миң сому кайтарылганын кошумчалады. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси  ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") беренеси менен иш козголгонун кабарлады. Канча киши шек саналып жатканы тууралуу маалымат берген жок. Читать дальше...

Шаардык сот Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда 13-сентябрда парламент депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" оппозициялык партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы жана анын кармоонун мыйзамдуулугу каралды. Биринчи Май райондук сотунун чечими өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабаралды.  Жараян жүрүп жаткан учурда соттун имаратынын алдына Мадумаровдун тарапташтары, туугандары чогулуп, аны бошотууну талап кылып турушту.  Имаратка эч ким киргизилбеди, себеби түшүндүрүлгөн жок. 2-сентябрда... Читать дальше...

«Клооп» сайтын бир нече провайдер бөгөттөгөнү кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Клооп" басылмасынын сайты айрым провайдерлер аркылуу ачылбай калды. Басылма 13-сентябрда бул тууралуу маалымдап, "бир катар интернет провайдер «фейктер жөнүндөгү" мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн «Клооптун» сайтын бөгөттөгөнүн жазды. Алардын катарында «О!» уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бардыгын билдирди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер... Читать дальше...

Эстония менен Латвия орус номурлуу автоунаалардын киришине тыюу салды

Azattyk.org 

Эстониянын бийлиги өлкө аймагына орус номурлуу автоунаалардын киришине тыюу салды. Ушундай эле чечимди 12-сентябрда Латвия менен Литва кабыл алган. Чечим 13-сентябрда күчүнө кирет. Орусия менен чектешкен Финляндия менен Польша азырынча мындай кадамга бара элек. Мындай чечим Еврокомиссиянын сунушунан кийин кабыл алынды. Ага ылайык Евробиримдиктин аймагына Орусияда каттоодон өткөн менчик автоунаалардын кириши "мыйзамсыз импорт" деп саналат. 8-сентябрда Еврокомиссия Евробиримдиктин аймагына кире тургандар үчүн нускамаларды жаңылаган. Читать дальше...

Кулундуга суу берген станция жаңыланды

Azattyk.org 

Тажикстан менен чек арадагы Лейлектин Кулунду айыл аймагында 650 гектар жерге насос менен сугат суу чыгарган станциянын жабдыктары алмашты. 1963-жылдан бери иштеп келе жаткан насостук станция эл аралык каржылык уюмдун колдоосу менен 11 млн сомдон ашуун каражатка жаңыртылган.

Баткен жана Согд облустарынын башчылары чек ара маселесин талкуулады

Azattyk.org 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен жолугушту.  13-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында өткөн жолугушууга эки облустун чектеш райондорунун акимдери, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Алар чек арадагы куралдуу жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады. Облус башчылары Баткен жана Согд облусунун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо... Читать дальше...

Ливиядагы апаат: беш миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Ливиядагы селде беш миңден ашуун киши набыт кетип, миңдеген адам жоголду. Эл аралык коомчулук апаат каптаган аймакка жардам жөнөтө баштады. Кош бийлик башкарып турган Ливиядагы каргаша мамлекетке болуп көрбөгөндөй зыян алып келди. Оорукана жасатка толду 125 миң калкы бар Дерна шаарын "Даниел" бороону кыйратып, ташкындаган суу имараттарды каптап, калаанын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды. Аман калгандар дайынсыз жоголгон миңдеген кишини күнү-түнү издеп жатышат. Ооруканалар сөөккө толуп калды. Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасы: Кара-Багышта жашоо жанданды

Azattyk.org 

1-сентябрда Кыргызстандын Араван району менен Өзбекстандын Мархамат районун бириктирген чек арадагы өткөрмө бекет ишке кирди. Кошуна жашаган тургундар бири-бирине ээн-эркин каттап, жашоо жанданды. Бул чек ара бекети 10 жылдай жабык турду.

Казакстан: мал туягын азайтууга аргасыз кылган кургакчылык

Azattyk.org 

Казакстандын бир катар аймактарында фермерлер тоюттун кымбаттыгынан малын сатып же союуга аргасыз болууда. Фермерлер ассоциациясы жем-чөпкө болгон баанын көтөрүлүшүнө кургакчылык себеп болууда деп эсептейт. Айыл чарба министрлиги тоют менен камсыздоо боюнча чечимдерди координациялоо үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирди. Атырау облусунун тургуну, фермер Жанибек Аралбаевдин 110 уй, 15 бука жана 60ка жакын торпогу бар. Анын быйылкы кышка камылгасы керектөөнүн 70% гана жабат. Жетпей калган чөптү коңшулаш Актөбө облусунан сатып алмакчы болгон. Читать дальше...

УКМК курал жана ок-дары сакталган жай табылганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, курал-жарак уюшкан кылмыштуу топтордун жана террордук уюмдардын ишмердигине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылган. Ал жерден табылган тапанча (револьвер), эки даана мергенчиликтин жылмакай сайлуу мылтыктар (арааланган мылтык), алты даана 9 мм калибрлүү патрондор алынды. Читать дальше...

“Альянс” Алимжановдун мандаты тууралуу ишти калыс кароого чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясы өз мүчөсү, депутат Фарходбек Алимжановдун мандатын жокко чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) токтому жана ага байланыштуу сот иштерине байланыштуу билдирүү таратып, маселени калыс жана адилет кароого чакырды. Фракциянын билдирүүсү 13-сентябрда анын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында жарыяланды. “Парламенттик “Альянс” фракциясы Фарходбек Алимжановдун депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча кабыл алган БШКнын токтомуна тынчсыздануусун билдирет жана аталган чечим менен макул эмес. Читать дальше...

Президент төрт судьяны дайындап, эки талапкердин материалдарын артка кайтарды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Чүй жана Ош облустарынын, Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши алты талапкер боюнча сунуш берген. Жапаров төрт талапкерди кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Эки талапкер боюнча материалдар кеңешке кайтарылды. Президенттин жарлыгына ылайык, Нурила Култаева Өзгөн райондук сотуна, Элмира Карабекова Кара-Кулжа райондук сотуна, Жолдошбек Кумашев... Читать дальше...

Мадумаровдун тарапташтары соттун алдына чогулуп, аны бошотууну талап кылууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында 13-сентябрда  "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, оппозиционер Адахан Мадумаровдун 50дөн ашуун тарапташтары чогулду. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, алар партиянын желегин көтөрүп турушат жана депутатты бошотууну талап кылууда. Сот имаратына эч ким киргизилген жок. Анан себебин күч кызматкерлери түшүндүрбөдү. Шаардык сотто бүгүн Мадумаровдун бөгөт чарасы жана аны кармоонун мыйзамдуулугу каралат. Тарапташтары депутат сотко алып келингенин билдиришти. Читать дальше...

Ливиядагы сел 5000ден ашуун кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Ливиянын бийлиги өлкө чыгышын каптаган суу ташкын кеминде 5300дөй адамдын өмүрүн алганын билдирди. Миңдеген адамдын дайыны табылбай жатат. Негизинен табият кырсыгынан Дерна шаары жабыркады. Калаа дээрлик суу алдында калганы, 25% жок болгону кабарланууда. Көрүстөнгө тек-жайы аныкталбаган жүздөгөн адамдын сөөгү жеткирилди. Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Ай уюмдарынын Ливиядагы өкүлү Тамер Рамадан Женевадагы брифингде кырсыктын масштабы чоң экенин эл аралык жардамга муктаждык бардыгын белгиледи. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш үч министрди кызматка дайындоого макул болду

Azattyk.org 

13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри жана Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, алардын талапкерлиги жактырылды. Президенттин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов талапкерлер боюнча маалымат берди. Андан соң депутаттар министрлердин тармактарына тиешелүү түрдүү суроолорду берип, кошумча сунуштарын келтиришти. Читать дальше...

Шакиев министрлер кыргыз тилин "татыктуу деңгээлде" билиши керек экенин эскертти

Azattyk.org 

Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин татыктуу деңгээлде билүүсү боюнча маселе бүгүн 13-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев санарип өнүктүрүү министри кызматына сунушталып жаткан Нурия Кутнаеванын талапкерлиги каралып жатканда аны мамлекеттик тилди жакшылап үйрөнүүгө чакырды жана мындан ары бул маселе жетекчилерди тандоодо эске алынарын айтты: “Бизде мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзам бар. Сиз кыргыз тилин жакшылап үйрөнүп, татыктуу деңгээлде билиңиз. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *