Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 10.09.2023

Эл үйүнө кайтуудан чочулап турат. Мароккодогу катуу зилзаланын кесепети

Azattyk.org 

Мароккодо жер титирөөдөн аман калгандарды куткаруу иштери уланууда. Акыркы маалыматтарга караганда, ишемби күнкү табигый кырсыкта каза тапкандар 2 миң кишиден ашты. Жабыркаган жерлерге азык-түлүк, дары-дармек, чатыр жеткирүү уланууда. Мечиттерде жекшембиде маркумдарга багышталып куран окулду. Соңку 60 жылдан бери мындай кыйратуучу зилзалага туш болбогон өлкөнүн бийлиги 2 миңден ашуун кишинин өлүмү тастыкталганын билдирсе, эксперттер алыскы аймактарга жетүү кыйын болгондуктан, бул сан өсүшү мүмкүн экенин эскертишти. Читать дальше...

Кайра шайлоо: баштапкы жыйынтыкта Кубанычбек Самаков алдыда

Azattyk.org 

Бишкектеги Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков алдыда келе жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, шайлоо округундагы 51 автоматтык эсептөөчү үкөктүн жыйынтыктары келип түштү. Ага ылайык, Самаков жалпы добуштардын 26,14% алган. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 18,99%, үчүнчүдө 13,04 % добуш менен Аскар Алмаз уулу келатат. БШКнын маалыматына ылайык, бул шайлоодо 20 миң 169 адам добуш берди. Читать дальше...

Садыр Жапаров Марокконун падышасына көңүл айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катуу жер титирөөнүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Марокконун падышасы Мухаммед VI бин Аль-Хасанга көңүл айтты.  Анда Жапаров кыргыз элинин жана өзүнүн атынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшө турганын айткан. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган. Мароккодо ишембиге караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны эки миң адамдан ашканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Читать дальше...

СССР: Айдың жана өнөрпоздордун чет өлкөлөргө түйшүктүү саякаты

Azattyk.org 

Текст сабынын артындагы көмүскө турмуш Совет доорундагы өнөрпоздор жана жалпы айдыңдар чет өлкөгө чыкканда туш болгон социалдык жана башка түйшүктөрдүн көбүн ошол муундун гана өкүлдөрү мыкты билет. Алардын айрымдарын ачыктоо ошол доорду кайра кайтарууну эңсегендерди ойлондура алабы? Тарыхчынын блогу. Дүйнө жүзүнө мурдагы совет элдеринин маданиятын жана көркөм мурасын тааныштырган чыгаан өнөрпоздордун тагдырында чет өлкөлөргө, асыресе өнүккөн Батыш мамлекеттерине гастролго жана саякатка чыгуу – айырмалуу окуялардан болгон. Читать дальше...

Президент Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясын сындады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 10-сентябрда Ысык-Көлдөгү Жыргалаң санаторийинин толук оңдоодон өткөрүлгөндөн кийинки абалы менен таанышты. Жапаров санаторийдин аймагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка кабинет мүчөлөрүнүн, фракция лидерлеринин, кесиптик кошуундардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын курду. Анда Кесиптик кошуундар федерациясын балансындагы курорттук жана туристтик обьектилерди натыйжасыз башкарып жатат деп кескин сынга алды. Читать дальше...

Венеция кинофестивалынын баш байгесин Йоргос Лантимос жеңди

Azattyk.org 

Венеция кинофестивалинин баш байгеси – «Алтын арстан» грекиялык режиссер Йоргос Лантимоско ыйгарылды. Калыстар тобу «Кедейлер-бактысыздар» деген тасманын бай режиссерлук фантазиясын жана актриса Эмма Стоундун өзгөчө чеберчилигин белгилешти. «Күмүш арстан» жапониялык Рюсукэ Хамагутинин экологиялык драмасына тийди. Мыкты режиссер деп италиялык Маттео Гарроне аталды. Анын массалык миграция темасына кайрылган «Мен капитан» деген фильминде башкы каармандын ролун аткарган Сейду Сарр Марчелло Мастроянни атындагы сыйлыкка татыды. Читать дальше...

Кайра шайлоо: талапкер көп, катышуу солгун

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өтүп жатат. Бул жолу да 28-майдагы шайлоодой эле добуш бергендер аз. Кыргызстанда жалпы эле жылдан-жылга шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөп баратат. “Шайлоочуларды күтүп отурабыз” Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда бир жылдын ичинде экинчи жолу шайлоо өтүп жатат. 10-сентябрь саат 16:00гө карата шайлоочулардын 10% же 12 миңден ашык адам гана добуш берди. Добушканаларда эл аз. №1035 шайлоо... Читать дальше...

Ленин округу: шайлоочулардын 10,04% добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) саат 16:00гө карата маалыматына ылайые, №26 Ленин бир мандаттуу округунан парламент депутатын шайлоодо 12 774 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы 127 239 шайлоочунун 10,04% түзөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурлан Койчукеев брифингде шайлоочулар добушканалар жабылгыча жарандык жигердүүлүгүн көрсөтөт деген ишеничин билдирди. Койчукеевдин айтуусунда, жарандардын добуш берүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн. "Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулар Конституциялык... Читать дальше...



Мароккодо зилзаланын курмандыктары өсүп жатат

Azattyk.org 

Акыркы маалыматтар боюнча зилзаладан каза болгондор 2 миңден ашты. "Рейтер" агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен курмандыктар 2000ден ашканын жазды. Дагы 2000ден ашуун киши жараат алды. Алардын 1500дөйүнүн абалы оор.

"Мамлекеттин эсебинен курулат". Бийликтин жаңы стадион куруу дымагы

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Орок айылына 35 миң кишилик жаңы стадион курат. Аны “Градстройресурс” компаниясы долбоорлоп, президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасы кура турганы маалым болду. Курулушка канча каражат кетери жана ал качан бүтөрү айтыла элек. Мамлекет өз каражатына курат Президент Садыр Жапаров 30-август күнү Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Бир күндөн кийин, 1-сентябрда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек курганда жаңы стадиондун курулушуна токтолгон... Читать дальше...

Кайра шайлоо: БШК добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынын шайлоочуларын добуш берүүгө жандуу катышууга чакырды. Боршайкомдун саат 12:00гө карата берген маалыматына ылайык, аймакта добуш беруү солгун жүрүүдө. Жалпы 127 239 шайлоочунун 6 169у гана добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 4,85% түзөт. Шайлоочулар өзүнүн добуш берүүчү тилкеси тууралуу маалыматты https://tizme.gov.kg/ сайтынан же 119, 1255 телефон номурларына чалып тактай алышат. Бүгүнкү Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо 51 добушкана ачылган. Читать дальше...

Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт

Azattyk.org 

11-сентябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жаабайт. Күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21... Читать дальше...

Лачын коридорун гуманитардык жардам үчүн ачуу макулдашылды

Azattyk.org 

Тоолуу Карабакта Армения колдогон жикчилдердин башчылары Азербайжан бийлиги Лачын коридору аркылуу Армениядан гуманитардык жардам алып өтүүгө уруксат бергенин билдиришти. Гуманитардык жүк алып өтүүгө Орусиянын тынчтык орнотуучулары менен Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрү көзөмөл кылат. Бул маалыматты Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев Reuters агенттигине ырастап, макулдашууда Лачындагы текшерип өткөрүү бекеттери ордунда калат деген шарт коюлганын айтты. Расмий Баку Карабакка Армениядан... Читать дальше...

БШК талапкерлерди каралаган жаранга айып пул салынарын билдирди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан талапкерлердин бирин каралады деген негизде Фейсбук колдонуучусу Азамат Мариповдон  7,5 миң сом айып пул төлөтүүнү сунуш кылды. БШКдан "Азаттыкка" билдиришкендей, жумушчу топ сунушун тиешелүү тараптарга жолдоду. Маалыматка ылайык, Мариповдун талапкер Кубанычбек Самаковдун соттуулугу жоюлбаганы, БШК төрайымына туугандык жайы болгону үчүн талапкер болгону тууралуу жазганы тастыкталган эмес. Читать дальше...

Ленин округу: кайра шайлоого катышуу солгун

Azattyk.org 

10-сентябрда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагындагы кайра шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у эркек, бешөө аялдар. Шайлоочулардын такталган саны - 127 239. Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда быйыл 28-майда шайлоо болгон.

Баланын тили эмнеге кеч чыгат?

Azattyk.org 

Адистер акыркы жылдары мектепке чейинки курактагы балдардын тили кеч чыгып жатканын, алардын сүйлөө жөндөмү жакшы өнүкпөгөнүн белгилеп жатышат. Учурда анчейин байкалбаганы менен, келечекте мындай тенденция олуттуу маселелерди жаратышы мүмкүн. Республикалык психо-наркологиялык саламаттык борборунун логопеди Ажар Эшенкулова акыркы жылдары баласынын кептик өнүгүүсү кечигип жатканы тууралуу ар бир экинчи эне кайрылып жатканын белгиледи: “Статистика боюнча 10-15 жыл мурун ар бир төртүнчү бала кептик өнүгүү жагынан артта калса... Читать дальше...

Кайра шайлоо: Саат 10:00гө карата 1,62% шайлоочу добуш берди

Azattyk.org 

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагындагы кайра шайлоодо саат 10:00гө карата 2060 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 1,62% түзөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. "Бул албетте азыраак. Бирок мен шайлоочулар добуш берүүнүн аягына чейин жарандык активдүүлүгүн көрсөтөт деп ишенем". Шайназаровдун сөзү боюнча добуш берүүдөгү коопсуздукка, мыйзам бузууларга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Башкы прокуратура... Читать дальше...

Мароккодо үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Azattyk.org 

"Рейтер" агенттиги Мароккодо ишембиге караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн набыт кеткендердин саны эки миң адамдан ашканын өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, 2012 адам зилзаладан көз жумду, 2060 адам жаракат алган. Алардын ичинен 1404 адамдын абалы оор. Агенттик жазгандай, Марракеш шаарындагы 6,8 баллдык зилзаладан турак жайлар, имараттар, мечиттер кыйрады. Үй-жайсыз калгандар ачык асман алдында түнөдү. Урандылардын арасында калгандарды издөө уланууда. Читать дальше...

Мароккодогу зилзаладан каза болгондор 2 миңден ашты

Azattyk.org 

Ишембиге караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны эки миң адамдан ашканы кабарланды. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берип билдирди. Агенттик жазгандай, Марракеш шаарындагы 6,8 баллдык зилзаладан турак жайлар, имараттар, мечиттер кыйраганы кабарланды. Үй-жайсыз калгандар сыртта түнөштү. Урандылардын арасында калгандарды издөө уланууда. Дүйнөлүк саламатык сактоо уюму силкинүүнүн кесепетинен 300 миңден ашуун киши жабыркаганын маалымдады. Читать дальше...

Бишкектин Ленин районунда Жогорку Кеңеш депутатын кайра шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына кайра шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, ага 24 талапкер ат салышууда. Алардын ичинде беш аял талапкер бар. Талапкерлердин бири - Турсунбай Бакир уулу добуш берүү күнүнө аз калганда шайлоодон баш тартарын билдирген. Анын билдирүүсү добуш берүү бюллетендери даярдалгандан кийин болгондуктан, талапкердин аты-жөнү тизмеде калган. Ушул тапта Бишкек... Читать дальше...

Миграцияда жүрүп мектеп ачкан Миргүл

Azattyk.org 

Миргүл Өмүрзакова билимди Америкадагы Колорадо университетинен алып, 23 миграцияда жүргөн. Эми өзү туулуп өскөн Караколго мектеп ачты. Бул каарманыбыздын кичинесинен берки кыялы болчу. Эми Миргүлдүн кийинки максаты - мектепти өнүктүрүп, толук орто билим берген жайга айлантуу.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *