Орусияда 1-сентябрдан тарта тейлөө операторлорун колдонуучулардын сапарлары тууралуу маалыматтарды Борбордук коопсуздук кызматына (ФСБ) өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Ошол эле учурда компанияларга аталган мекеме менен кызматташуу тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
Мыйзамга ылайык, таксиге буйрутма берүү кызматтары ФСБга маалымат базаларына күнү-түнү аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн бериши керек. Жүргүнчү ташыгандар буйрутмалардын журналын жүргүзүүгө милдеттүү болот. Жүргүнчүлөрдүн сапарлары тууралуу маалыматтар алты ай бою сакталат.
Ошондой эле соттуулугу жоюлбаган, үч же андан көп төлөнбөгөн айыптары бар жарандарга таксиде иштөөгө тыюу салынат. Таксисттер суткасына 12 сааттан ашык иштей албайт. Такси кызматтары аймактарда өкүлчүлүктөрдү ачып, жеке ишкерлер менен келишим түзүшү керек. Азыр кызматтардын көбү комиссия үчүн иштейт.
Аталган мыйзамды Мамлекеттик дума 2022-жылдын декабрь айында кабыл алган.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Федералдык коопсуздук кызматы 1-сентябрдан тарта "Яндекс.Такси" кызматынын бардык өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн маалымат базаларына кире ала турган токтомго кол койгон. Мындай маалыматты "Медуза" басылмасы жазып чыккан. "Яндекс" кызматы ушул эле басылмага бул Орусиядан башка өлкөлөргө тиешеси жок экенин айтып, маалыматты төгүндөгөн.
Мунун алдында "Медуза" басылмасы ушул жылдын сентябрь айынан тартып Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Яндекс.Такси" кызматынын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн бардык маалымат базаларына күндүр-түндүр кирүүгө мүмкүнчүлүк аларын жазган. Такси кызматына байланышкан жаңылыкка "Яндекс.Такси" иш алып барган бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары түрдүү реакция кылып жатышат.
Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко
Модернизация контейнерных площадок продолжается в Реутове
Более 500 человек посетили «Ночь музеев» в Ставропольской краевой психиатрической больнице №1
Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ