Депутат Адахан Мадумаров кармалды
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кетти.
Тарапташтарынын билдирүүсүндө, саясатчыны 2-сентябрда баласы менен көчөдө жүргөн жеринен кармап кетишкен.
Мадумаров алгач ИИМдин Тергөө башкармалыгына, андан кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна бөгөт чарасын аныктоо үчүн жеткирилди. Ал эмне себептен, кайсы ишке байланыштуу кармалганы азырынча белгисиз.
Мадумаров бөгөт чарасын аныктоо үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.
"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, соттун имаратына Мадумаровдун тарапташтарын, журналисттерди киргизбей жатышат.
ИИМдин имаратынан чыгып, сотко алып кетердин алдында саясатчы эмне себептен кармалганын сураган журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу экенин айтты.
"Баягы эле жомок, Баткен боюнча", - деп жооп берди саясатчы.
Мадумаров кармалгандан кийин тарапташтары Ички иштер министрлигинин алдына чогулушту.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Мадумаровдун өзү менен байланышууга мүмкүн болбогонун билдирди.
"Сүйлөшүүгө деле мүмкүнчүлүк берген жок. Ага мамлекеттик адвокат берилиптир, өзүнүн жактоочусу деле келе элек. ИИМ жетекчилигинен эч ким жок болгондуктан, биз дагы эч кандай маалымат ала алган жокпуз", - деди депутат.
Ички иштер министрлиги маалымат бере элек.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына мындай билдирүү калтырды:
"Кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, кимде ким мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерди жасаса, аларга аёо болбойт. Күч органдарынын жообу андай жарандарга катуу болот!", - бирок Ташиев өз билдирүүсүндө кимдир бирөөнүн ысымын атаган эмес.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.
Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
Адахан Мадумаров башкы прокурордун сунуштамасын карап чыгуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн “жогору жактан катуу буйрук алган” деп айткан.
“Жыйында бийликчил фракциялар Кыргызстандын элинин канын соттор ичип жатат деп айтышты. "Эми Мадумаровдун тагдырын ушундай сотторго кантип тапшырып жатасыңар?” деп Масалиев суроо узатпадыбы. Ошондой. Массалык башаламандыкты уюштуруу, бийликти күч менен басып алуу дегендин баарын изилдеп чыгып, баарын четке какты. Бул айыптарга да илештирсе болмок, бирок эч кандай илинчек жок. Бүгүн жыйында комиссиянын төрайымы баш прокурорго караганда беш эсе күчтүүрөөк кызмат аткарып, мүчө болгон айрым депутат кесиптештерибиз ушундай катуу буйрук алган, катуу жан үрөштү. Аларга таарынбайм, бийик болуу керек”, - деген анда Мадумаров.