Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Испанияда нөшөр эки кишинин өмүрүн алды

0
Испанияда нөшөр эки кишинин өмүрүн алды

Испаниянын бир катар аймактарында эки күндөн бери катуу шамал менен коштолгон катуу жаан токтобой жатат. 4-сентябрда бийлик суу ташкын коркунучу тууралуу эскертти.

Көп жолдор суу алдында калганына байланыштуу Жол кыймылы башкармалыгы жарандарды «жолго чыкпай, мүмкүн болушунча үйдө калууга чакырды».

10 миңдей калкы бар Альканар шаарынын бийлиги тургундарга көчөгө чыгууга тыюу салды. Валенсия менен Барселона шаарларынын ортосунда темир жол каттамы токтотулду.

2-сентябрда Сарагоса аймагында катуу жаан эки эркек кишинин өлүмүнө түрткү болгону кабарланды.

Август айында Испаниянын токойлорун катуу ысыктан улам өрт каптап, Валенсия-де-Алькантара аймагында 300 гектар токойду жок кылган.

Испаниянын айрым аймактарында быйыл ысык 44 градуска чейин жетип жатты.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *