Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Казакстан: эл алдында сөгүнгөн Бозумбаев президентке кеңешчи болду

0
Казакстан: эл алдында сөгүнгөн Бозумбаев президентке кеңешчи болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-сентябрда Алматы облусунун мурдагы башчысы Канат Бозумбаевди өзүнө кеңешчи кылып дайындады.

Бозумбаев Январь окуялары маалындагы жүрүм-туруму менен элдин эсинде калган. Ал 2022-жылдын башындагы толкундоолор маалында Талдыкоргондо эл алдында сүйлөп жатып, сөгүнүп жиберген. Бул чогулгандардын ого бетер кыжырдануусуна түрткү болгон.

Бозумбаев 2019-2021-жылдары президенттин жардамчысы, 2016-2019-жылдары энергетика министри болуп иштеген.

4-сентябрда ошондой эле Казакстандын мурдагы экономика министри Тимур Сулейманов Улуттук банктын төрагалыгына дайындалды. Анын талапкерлигин Парламенттин жогорку палатасы бир добуштан колдоду.

45 жаштагы Сулейменов буга чейин Токаевдин администрация жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген. Ал АКШдагы Мэриленд университетин аяктаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *