Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Ноокенде 15 жаштагы бала октон каза болду

0
Ноокенде 15 жаштагы бала октон каза болду

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы Ноокен районунун 43 жаштагы тургуну айылдашын мылтык менен атып салганын билдирди.

Окуя 26-августка караган түнү Шайдан айылында болгон. 4-сентябрда таратылган расмий маалыматта айтылгандай, шектүү түн жарымда көчөдө отурган өспүрүмдөрдү көздөй мергенчилик мылтыгынан аткан, ок 15 жаштагы балага тийип, ал ооруканада каза болгон.

Ноокен райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоду.

Шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (TB)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *