Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы Мадумаровдун камалышына байланыштуу кайрылуу жасады

0

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын лидери Адахан Мадумаровдун камалышына байланыштуу кайрылуу жолдоду. Кайрылуу кыргыз элине, Конституциянын кепили катары президентке жана парламент депутаттарына жолдонгон. Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы оор күндөрдү баштан кечирип жатканын, соңку үч жылдан бери партиянын мүчөлөрү коркутууларга, психологиялык басымга, кылмыштуу куугунтукка кабылып жатканы белгиленген.

"Мунун баарынын себеби - Кыргызстанда чындыкты айтпаш керек, өзүңдүн пикириң болбош керек жана сындабаш керек", - деп жазылган анда.

Ошондой эле 2-сентябрда партиянын лидери одоно мыйзам бузуулар менен кармалып, камалганы айтылган.

"Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, өз алдынча чечим чыгарууга укугу да, мүмкүнчүлүгү да жок болчу, болгону мамлекет башчысы, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасын аткарган. Протокол Кыргызстандын парламентинде да каралган эмес, демек анын күчү жок жана Кыргызстандын тажик тарап менен сүйлөшүүлөрүнө бул жолтоо болбошу керек. Эки өлкө жумушчу протоколго кол койгондон бери 14 жылдан ашык убакыт өттү. Мадумаровдун каршылаштары Тажикстан менен кезектеги чек ара жаңжалында анын жоопкерчилиги тууралуу маселени маал-маалы менен көтөрүп келишкен. Анын үстүнө Мадумаров бул маселе боюнча өзүнүн позициясын бир нече жолу түшүндүргөн. Биринчиден, жерди ижарага берүү аны тажик тарапка берүү дегенди билдирбейт. Экинчиден, Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү Баткен-Исфана жолун куруу маселеси мына ушундайча чечилген", - деп жазылган кайрылууда.

Партиянын саясий кеңеши протокол Мадумаровду жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясын «жок кылуу» үчүн жөн гана шылтоо болгонун белгилейт.

Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери 2-сентябрда кармап кетишкен.

Ошол эле сааттарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Фейсбуктагы” баракчасына “Кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, кимде ким мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерди жасаса, аларга аёо болбойт. Күч органдарынын жообу андай жарандарга катуу болот!” деген пост жарыяланган.

2-сентябрдын кечинде Биринчи Май райондук сотунун чечими Мадумаровдун менен бөгөт чарасы аныкталып, ал 24-октябрга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты "жомок" деп атоодо. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *