Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Кемпир-Абад иши: абактагы саясатчылар моралдык басымга даттанышты

0
Кемпир-Абад иши: абактагы саясатчылар моралдык басымга даттанышты

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып Бишкектеги тергөө абагында отургандардын арасынан төрт саясатчы моралдык басымга туш болуп жатканы тууралуу билдирүү таратышты.

Жазаларды аткаруу кызматы абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармаларын, мыйзам бузууларга жол берилбей турганын билдирип жатат.

"Биз отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранабыз"

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовдун колу коюлган, элге, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдонгон кайрылуу Фейсбукка 4-сентябрда жарыяланды. Анда Кемпир-Абад ишине айыпталгандар менен абак кызматкерлеринин ортосунда тиреш болгону жазылган.

"2023-жылдын 2-сентябрында, эртең мененки саат 8:30дан 18:30га чейин кемпирабадчылар менен тергөө абагынан кызматкерлеринин ортосунда тирешүү болду. Ага себеп, кемпирабадчыларды күч менен ар кайсы камераларга которуу буйругу К.Ташиевден ЖАМК аркылуу келгени тирешүү мезгилинде билинип калды. Кечки саат 18:30да гана абак кызматкерлери менен кемпирабадчылардын ортосунда сүйлөшүү жолу менен чыңалган тирешүү токтотулуп, Бекназаров, Кадыров, Молдокматов жарым жер төлөгө биринчи кабатка түшөрү, калганы өз камераларында калары убактылуу чечилди", - деп жазылган анда.

Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына чыккан кайрылууда ал Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, алар отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранган.

"Үч кемпирабадчы түшүрүлгөн 1-кабаттагы жарым подвалда (жер төлөдө) камералар ремонттон өтпөгөн, нымдуулугу жогору, дубалдары менен шыбынан шыбактары көчүп турган, полундагы бетондору жыртылган, ремонттон өтпөгөн абалда экен. Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, биз отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранабыз. Биз аздыр-көптүр өзүбүз ремонттоп алган камералардан эч бир себепсиз, негизсиз буйрук менен которуштурууну УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин тергөө абагынын ички ишине кийлигишүүсү жана кемпирабадчыларды сындыруу максатында кыйноо, зомбулук деп баалайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматты Бекназаровдун адвокаты Эркин Булекбаев "Азаттыкка" ырастады.

5-сентябрда Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасында видео да жарыяланды.

Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров Фейсбук аркылуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жолдоп, тууганын атайын кызматтын өкүлдөрү кармап кетти деп билдирди:

"Сизден сураныч, мындай адилетсиздикке жол бербеңиз. УКМКнын кызматкерлери Ыманкулов Нышанбай деген инимди күнөөлөп алып кетишти.

Фейсбуктагы Азимбек Бекназаров аккаунту атамдын өзүнө тиешелүү. Ал фейк аккаунт эмес. Ал аккаунттан чыгып жаткан материалдардын арбиринин кол жазмасы дагы бар. Ал кол жазмалар, чыгарылып жаткан посттор атамдыкы экенин атам танбайт. Азимбек Бекназаров аккаунту фейк эмес, өзүнүн расмий баракчасы", - деди ал.

Бекназаровдун билдирүүсү боюнча УКМКнын жетекчилиги жооп бере элек.

Равшан Жээнбековдун билдирүүсү

1-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылып жатканы тууралуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылган. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчы институтуна, укук коргоочуларга кайрылып, беш күндөн бери тинтүү болуп, сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага которулганын билдирген.

Равшан Жээнбеков тергөө абагынын кызматкерлери ал жаткан жерди себепсиз тинтип, өзүн сыз, муздак, шарты жок камерага камашканын, ден соолугу мындай камерада кармаганга жол бербесин маалымдаган. Саясатчы мындай мамилени "тергөө абагынын жетекчилери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) буйругу менен жасап жатышат" деп белгилеген.

Жаза аткаруу боюнча кызматы Жээнбековдун, Бекназаровдун айткандарын төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева 4-сентябрда "Азаттыкка" абактарда кыйноого жол берилбейт деп билдирди.

"Абакта баары мыйзамда көрсөтүлгөн негизде жана тартипте кармалат. Эч кандай кыйноолорго жол берилбейт. Көзөмөлдү жогору турган органдар, прокуратура жүргүзөт. Алардан тышкары Акыйкатчы, Кыйноолорго каршы борбор, парламент да көзөмөлдөп турат", - деди Тургунбаева.

"Оңдоого байланыштуу которулуптур"

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери Жээнбековдун кайрылуусунан соң, 2-сентябрь күнү тергөө абагына барышкан. Аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттыкка" буларды айтып берди:

"Биздин кызматкерлер 2-сентябрь күнү №1 тергөө абагына барып келишти. Жээнбеков тергөөгө кеткенби же адвокатына жолукканы чыкканбы, айтор өзүнө жолуга алышкан жок. Бирок ал которулган камерага кирип, шарттары менен таанышып келишти. Камерада жылуулук 24,9 градус экен, бирок нымдуулук бар дешти. Жээнбеков мурда отурган камерасы оңдолуп жатканына байланыштуу которулганын айтышты".

Жээнбеков укугун коргоп берүүнү өтүнүп, Акыйкатчыга да кайрылган. Адам укугун коргоочу мекеме саясатчынын кайрылуусунан соң абакка барып, мониторинг жүргүзгөн. Акыйкатчынын соттук чечимдер бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев Равшан Жээнбековдун өзү менен жолукканын "Азаттыкка" билдирди:

"Биз ишемби күнү №1 тергөө абагына бардык. Саясатчынын өзүнө да жолуктук. Ал дооматын айтты. Ошондой эле абакта кармалып турган башка адамдар менен да аңгемелешүү болду. Дээрлик баары эле камералардын сыздыгына, шарттын жоктугуна даттанып жатышты. Биз бул боюнча тиешелүү актыларды түзүп, Биринчи Май райондук сотунун төрагасына, Жогорку Соттун төрагасына өзүбүздүн өтүнүчтөрдү жибердик".

Кыргызстанда кыйноо фактыларын 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иликтейт. Равшан Жээнбековдун билдирүүсүнө азырынча УКМК да, Башкы прокуратура да жооп бере элек.

Равшан Жээнбеков - Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип, кийин камалган отузга жакын адамдын бири. Алар 2022-жылы октябрда тергөө абагына киргизилип, кийин айрымдары үй камагына чыккан.

Үй камагына чыккандардын айрымдары да тергөө абагындагы шарттын жоктугунан, сыз, суук камераларда кармалып туруп, ден соолугу начарлаганын билдиришкен.

"Абактагы абалдын өзү - кыйноо"

Кыйноолорго каршы улуттук борбор быйыл жазында өлкөдөгү убактылуу кармоочу жайлардагы жана тергөө абактарында укук бузуулар болуп турганын иликтеп, аныктаган. Маалыматта аймактардагы милиция бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоочу жайларда сот чечими менен тергөө абагына камоого жиберилген шектүүлөр отурганы, көпчүлүк убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө абактарында муздаткыч, желдеткич, душ, ажаткана иштебеси, санитардык ченемдер сакталбасы жазылган.

Мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков абактардын абалы өтө начардыгын, шарттар дээрлик жоктугун "Азаттыкка" ырастады.

"Жаза аткаруу тутумунда кыйноолор жок. Бирок башка бир мекемелердеги изолятор же убактылуу кармоочу жайларда кыйноолор болгон учурлар кездешет. Биздин борбор канча жылдан бери Бишкектеги №1 тергөө абагынын абалын өтө начар деп баалап келишет. Өкмөт жаңы кабыл алынган жол картасынын негизинде бул тергөө абагы бузулуп, жаңыдан курулат деп маалымдаган. Бул катаал шарттар бүгүн эле пайда болгон жок, качантан бери эле оңолбой келе жатат".

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Кыргызстанда жабык жайларда аялдар түрдүү зордук-зомбулукка дуушар болуп, укуктары көп бузуларын да маалымдап келет. Мекеменин маалыматында аялдар сексуалдык ыдыкка, кыйноолорго, орой, катаал мамилеге, психологиялык эле эмес, күч колдонулган зомбулукка туш болушары, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарында шарт жоктугу, жуунуучу жайлар өзүнчө бөлүнбөгөнү жазылган.

Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр бир жыл ичинде 207 арыз түшкөн. Алардын 82си кыйноо боюнча: ырайымсыз мамилеге байланыштуу 62, камак шарты боюнча 22 арыз-даттануу болгон.

Акыркы үч-төрт жыл аралыгында Кыргызстандын тергөө абактарында жана түзөтүү мекемелеринде суицидден көз жумгандардын саны он адамдан ашкан, анын ичинде бир жашы жете элек өспүрүм набыт болгон. Укук коргоочулар жабык мекемелерде кармалып тургандардын түрдүү жарааттардан улам өлүмгө дуушар болгонуна, алардын ичинде бычактан жана ок атуучу куралдан алган жарааттан, токмоктон жабыркап, алты адам көз жумган.

Былтыр 30-июлда кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов №1 тергөө абагында кармалгандан эки жума өтпөй мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Жаза аткаруу кызматы Жумагуловдун өлүмү боюнча “ага камералашы жеке кастык мамиледен улам кол салган” деген маалымат тараткан.

Кийинчерээк бул ишке 10 адам, анын ичинде №1 тергөө абагында отурган беш киши жана №1 абактын беш кызматкери шектүү деп табылган. Сотто Жумагулов менен бир камерада отурган 27 жаштагы Дооронбек Асанбек уулу гана “Дөө Чыңгызды” өлтүргөнүн мойнуна алган. Калгандары баары прокурор койгон айыпты бир ооздон четке кагышкан.

Өткөн жылдары Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев каза болгон. Мунун себебин иликтеген комиссия алардын "күтүүсүз өлүмүнө трагедиялуу жагдайлардын жыйындысы алып келген" деген баштапкы корутунду чыгарган.

Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка, адам өлтүрүүгө шек саналып кармалган бир нече адам белгисиз жагдайлардан улам өлүмгө дуушар болгон.

Кыргызстандагы тергөө абактары жана убактылуу камоочу жайлардын саны жетишсиздигин жана абалы начар экенин укук коргоочулар белгилеп келет. Эки жыл мурун өлкөдөгү тергөө абактарына жана убактылуу кармоочу жайларга мониторинг жүргүзгөн "Кылым шамы" уюмунун билдирүүсүндө тергөө абактарынын айрымдары 120 жыл мурда курулган. Алар авариялык абалда экенине карабай, учурда да кылмышка шектүүлөр кармалып турат.

Өлкөдө жалпы жети гана тергөө абагы бар, алар бардык кылмышка шектүүлөрдү камоого тардык кылат.







СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона

ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!


Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.

Россиянам предложили премиальные туры сразу в 2 страны: рейсы начнутся из 8 российских городов

Жена туриста, убитого электрическим током во время купания в джакузи на курорте, подала в суд прямо с больничной койки

Где реально можно купаться летом в Москве и Подмосковье: 8 пляжей которые оборудованы для летнего отдыха


Scotland star SENT OFF after ‘worst tackle ever seen’ as they capitulate in Euro 2024 opener against Germany

'Hum bhi insaan hain': Pakistan allrounder Imad urges calm

Inside wicked world of ‘skinny scams’ as Ozempic and weight loss drug fraud attempts rise into the hundreds of thousands

Vavada Casino: a Leader in the Online Gaming Industry


Мост в Нагатинском затоне готовят к установке пилонов

На Азина рухнул расселенный дом

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы


Для Summoners Kingdom: Goddess проходит пробный запуск на Android

Embracer has closed Alone in the Dark studio Pieces Interactive

По аниме и манге «Кайдзю № 8» выпустят PC и мобильную игру — Kaiju No. 8 THE GAME

To create its cast of Baldur's Gate 3 companions, Larian came up with 'hundreds and hundreds' of character concepts: 'It was a huge, huge list'


Монтаж димоходів та вентиляційних систем у Києві

Відомий аграрій Кормишкін, складає свої депутатські повноваження


За прошедшую неделю подмосковные росгвардейцы обеспечили безопасность более 200 мероприятий

Топ-5 самых ярких зарубежных архитектурных проектов на первичном рынке Москвы

Московский аэропорт Домодедово и Всероссийское общество инвалидов заключили соглашение о сотрудничестве


ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!

«Коммерсант»: силовики провели около 50 обысков по делу нерентабельных шахт

Княжевская: рядом с усадьбой Черемушки-Знаменское построят дом по реновации

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.


Экс-советник по нацбезопасности США призвал наращивать ядерное вооружение

Вода в екатеринбургской Исети оказалась пригодной для плавания

Ракова: лучшим в Москве стал филиал №1 городской поликлиники №220

При России такого не было: Норвегия вновь лишает газа Европу


Скачков и Тайлакова выиграли соревнования по настольному теннису на Играх БРИКС

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже

Курникова показала трогательные фото Энрике Иглесиаса


Лариса Золотухина представила театр имени Бестужева на семинаре в Казани

Казань вошла в топ-3 городов России по дороговизне комнат

Пробки на дорогах Подмосковья оценили в 3 балла утром 19 июня

Вода в екатеринбургской Исети оказалась пригодной для плавания


Музыкальные новости

Филипп Киркоров, Shaman, Сергей Жуков, Катя IOWA показали награды и наряды в студии "Авторадио"

В Бурчтии в театре кукол «Ульгэр» 14-16 июня пройдут «Волшебные выходные»! - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети

Джиган о «Выжить в Дубае»: «Понимал, приеду — буду жрать тараканов, а у меня диета. Опять стану жирным!»

«Волшебные башмачки Элли» - эта постановка создана по мотивам знаменитой сказки Александра Волкова «Волшебник Изумрудного города» - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона

В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника

Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села


Сергей Собянин. Главное за день

«Понял, что скоро позовут в «Динамо»: 17-летний ставропольский футболист играет за команду мастеров

В Пулково задерживаются шесть рейсов

Иерей Александр Туховский: Очень нужна помощь!


Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

В Москве движение на участке Боровского шоссе перекрыли из-за осадков

Фест, байк, рок-н-ролл. Как в Москве отметили День мотоциклиста

Движение на участке Боровского шоссе в Новой Москве ограничили из-за подтопления


СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА. ПРО НАУКУ АКТИВНОЙ ВСЕЛЕННОЙ. ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД.

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

ЯНДЕКС, АЛЕКСАНДР ПУШКИН, АНАТОЛИЙ ГОЛОД И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ВЕДУТ СЛЕДСТВИЕ ВЕКА! ВАЖНЫЕ СЕРЬЁЗНЫЕ ДАННЫЕ.


ПМЭФ-2024: премиальный бренд HONGQI представил на Форуме свои флагманские и новые модели

Зачем Марина Александрова уехала из Москвы в сибирскую глушь



В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника

Московский аэропорт Домодедово и Всероссийское общество инвалидов заключили соглашение о сотрудничестве

Сеть клиник «Будь Здоров» запустила собственное мобильное приложение для пациентов

Врач-дерматолог Мадина Байрамукова: что делать с "мурашками» на коже



В УФСИН России по Республике Дагестан прошли лично-командные соревнования по легкой атлетике

Военно-спортивный фестиваль Росгвардии в «Лужниках» собрал более 20 000 москвичей и гостей столицы

Красногорск первым встретил участников международного супермарафона Москва-Минск

Резидент «Инсайт Люди» Дмитрий Зубов установил мировой рекорд по чеканке мяча



Москва-Пекин. Собянин в Китае подписал соглашение о сотрудничестве

Собянин рассказал о росте турпотока из Китая

Собянин: Москва и Пекин подписали программу сотрудничества на 2024-2026 годы

Сергей Собянин: Активно укрепляем отношения с Китаем


Обмен электронными транспортными накладными стал доступен участникам «Биржи грузоперевозок ATI.SU»

По каким признакам можно распознать машину-«утопленника»: лайфхак

Российские компании придерживаются собственного подхода в ESG

Бизнес-омбудсмен Москвы оказывает поддержку НМСП


«Телохранители» возвращаются на ТНТ со вторым сезоном

Пробки на дорогах Подмосковья оценили в 3 балла утром 19 июня

При России такого не было: Норвегия вновь лишает газа Европу

Ракова: лучшим в Москве стал филиал №1 городской поликлиники №220


Более 39 млн рублей направлено на летний отдых и оздоровление детей-сирот в Архангельской области

Преподаватель из Архангельска вышла в финал международного конкурса «Педагогическое начало – 2024»

Express: АПЛ «Архангельск» представляет большую угрозу инфраструктуре НАТО

Ниже воды: как идет обновление подводного флота России


Аварийное отключение электроэнергии произошло почти в тридцати населенных пунктах Крыма

Футболисты ЮФУ одержали три победы в домашнем турнире

В Симферополе пройдёт спектакль-акция «Подаренная жизнь»

Фольклорно-литературная программа «Сказки детства, полные чудес, нас уводят в царство тридесятое»


Казань вошла в топ-3 городов России по дороговизне комнат

Кино в полночь и лекции на теплоходе. Какие события фестивального клуба нельзя пропустить

Виват, фестиваль! В Магадане торжественно открыли конкурс детского и молодежного творчества «Сияние Севера»

Экс-советник по нацбезопасности США призвал наращивать ядерное вооружение














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *