Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Быйыл үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

0
Быйыл үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат

Быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев 4-сентябрда “Биринчи радиодогу” маегинде айтты.

“Быйыл биз электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салганы жатабыз. Ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын алат. Ал алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат болот экен. Эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Күндүз электр энергиясы үч маал өчүрүлөт деген маалыматтар туура эмес. Бирок үнөмдөш керек. Азыр тойканаларда да бул тууралуу жарыялар кетип жатат”.

Талайбек Байгазиев үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга салына турган тыюу боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ал акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөрүн айтты. Ал эми акылдуу эсептегичи жок үйлөрдө рейддер өткөрүлөт.

Министрдин орун басарынын сөзү боюнча, быйыл “Токтогул” гидроэлектр станциясында (ГЭС) суу өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2 млрд куб метр аз топтолду.

Ушундан улам Кыргызстан күз-кыш мезгилинде Орусия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алат. Анын баасы боюнча орток пикир табыла элек.

Эң ири Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр кубатын өндүрүү быйыл 15 млрд кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *