Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

"Тирүү калганыма ишенбей кетем". "Дикий Арман" аралашкан кыйноо

0

Алматыда жабык өтүп жаткан сот жараянында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин 11 кызматкеринин иши каралууда. Аларга кыйноо беренеси менен айып тагылган. Бул иште жабырлануучу катары өтүп жаткан казакстандыктар аларды былтыркы кандуу Январь окуяларында "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиевдин адамдары көчөдөн кармап, ур-токмокко алып, күч органдарына өткөрүп беришкенин айтышкан. Калабаны баштан өткөргөндөр аларга тозокту көрсөткөндөрдүн баары жоопко тартыла элек экенин айтышып, күнөөлүүлөр жазадан кутулуп кетет деп кооптонушууда.

Мейманкана, контейнер, полиция жана камак

Кара күрмө кийип, колуна ак чүпүрөк байлап алган, беткапчан эки киши кимдир бирөөнү үстөлдө отурган бир адамдын жанына сүйрөп бара жатышат. Ал адам маңдайына жеткирилип, чөгөлөтүлгөн кишинин башына тапанча такап, аны сабай баштайт. Мындай ур-токмокту бөлмөдөгү кара кийимчен ондогон ашык киши бейкапар карап отурушат.

Коопсуздук камерасына түшүп калган бул видео быйыл февралда интернетте жайылып, талкуу жараткан. Ал видеону коштогон текстте бул аракеттер Январь окуясы учурунда Алматыдагы "Казакстан" мейманканасында болгону жазылган. Казак бийлигинин айтымында, тополоңду уюштурган "козголоңчулардын командалык штабы" дал ошол мейманканада жайгашкан.

Видеодогу тапанча кармаган киши - кылмыш чөйрөсүндө "Дикий Арман" каймана аты менен таанымал Арман Жумагелдиев. Тополоңдон кийин ал "калайман башаламандык уюштурууга", "мыйзамсыз курал алып жүрүүгө", "адам уурдоого" жана "уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө" айыпталып кармалган.

Видеодо токмок жеген адам болсо Алматы шаарынын тургуну, 54 жаштагы Бекболат Исабеков.

2022-жылы 6-январда Бекболат унаасы менен Алматыга барат. Таксист болуп иштеген Бекболат ал күнү имараттардын талкаланганын, тонолгон дүкөндөрдү, банкоматтардын баарын өз көзү менен көргөн. Ал Алматыдагы "Республика" аянтынын жанынан өтүп баратып, мылтыктын үнүн угуп, тезирээк аймактан чыгып кетүүгө аракет кылган. "Казакстан" мейманканасынын жанынан колдоруна ак чүпүрөк байлаган адамдарды көрөт. Алар Бекболаттын машинесин токтотуп, өзүн мейманканага алып киришет.

Бекболат Арман Жумагелдиев менен ошол жерден "таанышат".

"Мени ошол кишинин жанына алып барышты. Биз бири-бирибиз менен учураштык. Мен ага "шаардагы уурулукту, башаламандыкты токтотуп жатканыңыз туура болду" деп айттым. Ал "мына ушул ак чүпүрөктү колуңа байлап, бизге кошул" деди. Балким ошол кездеги катачылыгым ошол ак чүпүрөктү тагууга макул болбогонумда болсо керек. Ордуман туруп, эшикке чыктым. Ошондо бирөө аркамдан "тээтиги таксистти кармап, алып келгиле" деп айтты", - деди Исабеков.

Бекболатты кармап, кайра Жумагелдиевге алып киришкен. Кийин "Дикий Арман" ага тапанча такап, коркута баштайт. Дал ошол учур коопсуздук камерасына тартылып калган.

"Ал мага "сен кимдин агентисиң, мойнуңа ал, болбосо атып салам!" деди. Мен "эч кимдин адамы эмесмин" деп жооп бердим. Ал кишилерине көзү менен ишарат кылды эле, алар сабап, тээп киришти. Анан мени бөлмөнүн төр жагына алып барышты. Арман Жумагелдиев мени жакадан кармап, азыр анын кишилери мени жер төлөгө алып барып, тескери асып, атып салышарын айтты. Ал менин бутумду сындырып салууга буйрук берди. Анан бутумду чапкылай башташканда көзүмө жаным көрүнүп, бакырып жибердим. Союлга окшош темир нерсе менен бутума чапкылай башташты. Кан көп акты".

Бекболат ур-токмоктон эсин жоготот. Кийин ал турган бөлмөгө көчөдө кармалган башка кишилерди алып кире башташат.

"Кармалгандардын ичинен эки адамды гана бошотту. Бирөөнүн жанында аял киши бар болчу. Аялы болсо керек. Экинчиси Ички иштер министрлигинин пенсионери болуп чыкты. Бирок аны эстен тангыча сабап салышты", – деди Исабеков.

Былтыр февраль айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматыдагы жапырт башаламандык учурунда "Дикий Армандын" куралчан адамдары жыйырмадан ашуун жайкын тургунду барымтага алып, күч менен кармап, сабаганын билдирген.

Бекболаттын айтымында, ошол түнү аны башка кишилер менен кошо автобуска салып, Ritz Carlton мейманканасынын унаа токтотуучу жайына алып барышкан. Алардын айрымдары катуу сабалган. Кийинчерээк аларды чоң кампага алып барышкан. Бекболат капманы куралчан, атайын форма кийген адамдар кайтарып турганын айтат.

"Бизди түрмөдөй кылып жасалган контейнерге киргизишти. Терезелерде темир тор бар болчу. Бирөө кароолчуга: "Булар террорчулар, канкорлор, педофилдер! Качууга аракет кылышса, эскертүүсүз атып салгыла. Балдарды зордуктап, милиция бөлүмдөрүнө кол салышкан, соода борборлорун тоношкон" деп эскертүү берди. Мен эки кабаттуу керебетте жаттым, жанымда буту сынган бир жигит отурду. Ал уктаган жок, мен да уктай албадым. Кароолчу бир гана жолу суу алып келди, баарыбызга жетпейт. Батареядан суу ичүүгө туура келди. Бизди ажатканага алып барышкан жок, эч кимге медициналык жардам көрсөтүлгөн жок", - деди Бекболат.

Анын айтымында, эртеси таң эрте кампага куралчан адамдар келип, аларды сабай баштаган. Андан соң шаардын аэропортуна жакын жерге алып барып, дагы кыйнашкан экен.

"Аэропорттун кире беришине келгенде бизди автобустан колубузду артыбызга байлап, кишендеп алып чыгышты. Бизге Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) адамдары басып келишти. Тергөөнүн жүрүшүндө алар Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери экенин билдим. Контейнердин ичинде бизди эс-учубузду жоготкончо сабашты. Алардын бир гана талабы бар болчу, протоколго "террорчубуз, аэропортко, аскер бөлүктөрүнө кол салдык, шаарды тонодук" деп жазыш керек болчу".

Бекболат Исабеков канча убакытка чейин сабалганын эстей албайт. Ага бул көрүнүш бүтпөс тозоктой сезилген.

"Бир убакта кызматкерлердин бири мени башка бөлмөгө алып кетти. Бүт жер канга боёлгон. Алар мени газ менен ууландырышты. Мен тумчугуп, эсим ооп калды. Анан жакамдан кармап, аскер кызматкерлери отурган башка бөлмөгө алып кетти. Алардын бири: "Байке, протоколго кол койгонуңуз оң, болбосо сизди өлтүрүп коюшу мүмкүн" деди. Мен ага айттым "Сен менин балам менен теңдей көрүнөсүң. Карачы, мен жөн эле жүргөн адаммын. Мени бандиттер кармап, сага алып келишти. Бул кантип болсун? Айыптооңду кабыл албайм" дедим. Кийин ошол жигит айтканымды жазып, кол койдуруп алды", - дейт Бекболат.

Көп өтпөй куралчан кишилер Бекболатты башка сабалган кишилер менен Алматынын полиция бөлүмүнө алып келишкен.

"Ага чейин бизди "террорчу, каракчы" деп атышкан, полицияга алып барганда "аэропортко кол салгандар" дешти. Короодо баарыбызды дубалга такашты. Мен "биз күнөөлүү эмеспиз" деп кыйкырдым. Ошондо кайра сабай башташты. Унчукпай тургандарды көп сабашкан жок. Күзөт батальону келип 15-20 кишини кичинекей автобуска тыгып, СИЗОго алып келип, кайра токмоктошту. Бул кордук бүтпөйт го деп ойлогом. Кантип тирүү чыкканыма өзүм да ишене албай кетем".

Бекболат Исабеков Алматыдагы тергөө абагынан быйыл 13-январда чыккан.

"Жаңы төрөлгөн уулун көрбөй кетти"

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, кандуу калабада Арман Жумагелдиевдин адамдары жалпысынан 24 адамды уурдап, сабап, Ritz-Carlton жана "Казакстан" мейманканаларынын унаа токтотуучу жайларында кармашкан. Алардын бири ур-токмоктон каза тапкан. Ал алматылык Эрбол Утепбаев эле.

42 жаштагы Аскар Смагулов досу Эрболдун өлгөнүн тергөө абагында отурганда уккан. Камалганга чейин ал да Бекболат Исабековго окшоп кыйноого кабылган.

Окуя 5-январдын кечинде башталган. Аскар менен Эрбол дүкөн издеп Аль-Фараби проспектиси менен Шашкин көчөсүнүн кесилишине барышат. Эрбол ошол күнү уулдуу болгон экен. Алар ымыркайдын төрөлгөнүн белгилеп коюу үчүн дүкөн издеп жүргөндө колуна ак чүпүрөк тагынган кишилерге кармалган. Чоочун кишилер аларды жөн эле сабай башташкан.

Андан кийин аларды Ritz-Carlton мейманканасынын унаа токтотуучу жайына жеткиришкен.

"Бизди куралчан адамдар кайтарып турду. Кийин сабашты. Тергөө учурунда унаа токтотуучу жайдын видеосун көрсөтүштү. Ал жерде бизди кантип сабап жатканы көрүнүп турат. Бизди "зордукчулар, мародерлор" дешти. Кармалгандардын арасында 15 жаштагы өспүрүм да бар болчу. Куралчан адамдар бизди видеого тартып алып, "биз Аблязовго, КДКга каршыбыз" деп айтууга мажбурлашты. Бирок менин аларга эч кандай тиешем жок. Кийин алар кармалганда бул видеолорду телефондорунан өчүрүшпөгөнү белгилүү болду. Мунун баары далил катары алынды. Менин билишимче, булар "Дикий Армандын" адамдары экен. Алардын баары жарандык кийимчен, ак тасма тагынгандар эле. Алар ошол учурда эки мейманкананы көзөмөлдөп турушкан экен", - дейт алматылык Аскар.

Эртеси, 6-январда Аскар менен башка кармалган кишилер унаа токтотуучу жайдан атайын кампага жеткирилет. Бир күндөн кийин аскер кийимчен кишилер баарын аэропортко алып барышат. Аскар бул жерде катуу кордук көргөнүн, буту сынганча сабалганын айтат.

Ага бир нече ай мурун интернетке тараган видеону көрсөтүшкөн. Алматы аэропортунун аймагында тартылган тасмада жарандык кийимчен адамдарга орой мамиле жасалып, колдору таңылып, уруп-сабалып жатканын көрүүгө болот. Аскар алардын арасында аксап басып бараткан өзүн жана артынан келаткан досу Эрболду тааныган.

Бирок Эрбол Утепбаев ал күнү катуу токмоктон көз жумган.

"Ал көрсө "кыйноо бөлмөсүнө" жетпей калыптыр. Көчөдө эле кулаптыр. Видеодо көрүнүп турат, ал кулаганда тепкилеп башташкан. Биз турган кампанын ичине жеткен эмес. Жарым жылаңач көчөдө жамгырда жатып калган. Бирөө өтүп баратып тепкилесе, бирөө тамекисин басып өчүрөт. Айбандар! Ал сыртта, жерде жатканда мени кампанын ичинде сабап атышкан. Андан кийин Эрболду контейнерге алып келишиптир. Бирок мен аны ал жактан көргөн жокмун. Досумдун өлгөнүн абакта отурганда гана уктум".

Аскар Смагулов быйыл 13-январда тергөө абагынан бошотулган.

11 айыпталуучунун үчөө гана камалган. Алматыдагы соттук жараянда "Дикий Армандын" адамдары деген кишилер кармап, андан кийин күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кыйноого алгандардын бири да административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.

Кандуу калабадан туура бир жыл өткөндөн кийин башкы прокурор Берик Асылов парламентте сөз сүйлөп, 2022-жылдын январында Казакстанда "бир жылдан ашык убакыттан бери даярдалган жана уюшкан кылмыштуу топтор катышкан мамлекеттик төңкөрүш аракети ишке ашпай калганын" билдирди.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, кутумду Карим Масимов башында турганы атайын кызматтын ошол кездеги жетекчилиги даярдаган, ал эми "Дикий Арман" Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлүнүн көрсөтмөсү менен иш кылган.

Арман Жумагелдиев ("Дикий Арман") абакта отурганда казакстандык интернет басылмага берген маегинде өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, “ал кезде өзгөчө кырдаал болуп, бийлик өкүлдөрү жок болгондуктан, күч түзүмдөрүнүн милдетин өз колуна алганын" билдирген. Ал "кармалган мародерлорду" суракка алганын, айрымдарын сабаганын мойнуна алганы менен, эч кимди эч жакка уурдап кетпегенин, кишилерди коопсуздук комитетине өткөрүп бергенин айтып берген. 

Ал эми Эрбол Утепбаев анын колунан эмес, шаардык аэропорттогу күч түзүмдөрүнүн штабында каза болгонун билдирген.

Учурда тергөө абагында отурган Жумагелдиевдин иши сотко жете элек.

Анын  2022-жылдын Январь окуялары маалында "кыргызстандыктардын Алматыдагы дүкөндөргө тиешеси бар" деген мүнөздөгү билдирүүлөрү интернетке тараган. Мындай билдирүүлөр Кыргызстанда чоң талкууга жем таштап, кийин Арман Жумагелдиевдин апасы жана кыргызстандык жубайы Айкөл Аликжанова кечирим суроого жана түшүндүрмө берүүгө аргасыз болушкан.

Кылмыш ишинин артындагы бүдөмүк жагдайлар

Быйыл апрелде Карим Масимов "мамлекеттик чыккынчылык", "бийликти күч менен басып алуу аракети", "кызматынан кыянат пайдалануу" боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган.

Масимовдон тышкары дагы үч депутат камалган. Алардын кылмыш ишинин материалдары жашыруун сакталып, коомчулукка жарыяланган эмес. 

Ал эми быйыл жайында Алматыда "ур-токмокко алуу" бернеси менен сот иши башталган. Жабырлануучулардын арасында Бекболат Исабеков менен Аскар Смагулов да бар. Айыпталгандардын 11и атайын кызматтын өкүлдөрү.

Жабырлануучулар сотко келгендердин баары түрмөгө кесилиши керек деген ойдо. Бирок сот айыпталуучулардын үчөөнү гана камакка алган. Калгандары эркиндикте.

Адвокат Гүлнар Жуаспаеванын айтымында, 54 жабырлануучунун бешөөнүн гана иши сотко өткөн.

Арман Жумагелдиев жана анын адамдары аткаминер болбогондуктан, аларга карата иш "кыйноо" беренеси боюнча эмес, "ден соолукка атайылап оор залал келтирүү", "адам уурдоо", "мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу" беренелери менен козголгон.

Исабеков менен Смагуловдун айтымында, "уруп-согууга катышы бар" деп айыпталган аскер кызматкерлерине кылмыш иши козголгону аларга маалымдалган эмес.

Алматы шаардык ички иштер башкармалыгында уруп-сабоо жана кыйноо фактылары боюнча милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иши далилдердин жетишсиздигинен улам токтотулган.

Аскар Смагулов "Кыйноо боюнча айыпталган Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин соту жай жүрүп жатат" дейт.

"Эгер сот жараяны ушинтип чоюла берсе, жылдын аягына чейин күтөбүз. Ал жерде бир күн [СИЗОдо] эки күн болуп эсептелет жана бул берене боюнча эң аз мөөнөт 5 жыл. Жаза чыгаруунун убактысы келгенде, алар убактысынын жарымынан көбүн өтөп, бошотулат! Ал эми Эрболдун өлүмүнө ким жооп берет?!" — дейт маркум Эрболдун досу Аскар Смагулов.

Казакстанда кыйноо фактылары сотторго сейрек жетет. Январь окуясы учурундагы жапырт камакка алуулардан кийин кыйноолор боюнча жүздөгөн арыздар түшүп, бирок иштин көбү "далил жок" же "кыйноо көрсөткөндөрдү аныктоо мүмкүн эмес" деген жүйө менен жабылган.

Ур-тепкиден оор жараат алган Бекболат Исабеков башынан өткөргөн азапты өмүрү өткүчө унута албай турганын айтат. Ал учурда ооруканада дарыланууда.

"Алгачкы күндөрү абдан оор болду. Үйгө келгенден кийин жиним келип, колума жардыргыч алып, мени кыйнагандын баарын жардыргым келип жүрдү. Убакыт өткөндөн кийин ачуум тарады, бирок азыр деле жүрөгүм өйүп турат. Бутум дагы деле айыга элек. Мурда жок дегенде таксист болмокмун. Азыр иштей албайм. Жубайым рак менен күрөшүп келет. Окуянын бүтүндөй үй-бүлөмө зыяны тийди. Азыр балдардын тапкан акчасына жашап жатабыз. Жабыркагандардын айрымдарына кенемте төлөндү деп уктум, бул туура нерсе. Бирок мен мамлекеттен кенемте ала элекмин, кимге кайрыларымды да билбейм. Мен бир гана адилеттүүлүктү каалайм", - дейт Бекболат.

Аскар Смагулов болсо тергөө жана сот жараяны андан көп убакытты жана күчтү талап кылганын айтып, мындан улам толук иштеп, үй-бүлөсүн бага албай жатканына кейип отурат.

"Бул иш аягына чейин бүтмөйүнчө, башка эч нерсе кыла албайм. Мен бул окуядан кандай тыянак чыгардым? Албетте, мен өлкөдө мындан да жаман абалда болгондор бар экенин билчүмүн. Бирок мындай нерселер менин башыма келет деп элестеткен эмесмин. Анын үстүнө Эрболду өлтүрөт деп ойлогон жокмун. Адилеттүүлүккө жетсе болот, албетте, бирок мен дагы бир жолу кайталайм. Мен "Жаңы Казакстанга" ишенбейм, коррупциянын баары ошол бойдон калды. Бул башаламандыктын баарын көрүп, баарынан түңүлдүм."

Автору Багдат Асылбек. Макаланы казак тилинде бул жерден окуй аласыз.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *