Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Африка лидерлери Зимбабве президентинин инаугурациясына бойкот жарыялашты

0
Африка лидерлери Зимбабве президентинин инаугурациясына бойкот жарыялашты

Зимбабвенин президенти Эммерсон Мнангагванын жаңы мөөнөткө ант берүү аземине Африкадагы үч лидер катышты. Алар Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса, Конго Демократиялык Республикасынын башчысы Феликс Чисекеди жана Мозамбиктин президенти Филипе Нюси.

Financial Times басылмасы жазгандай, Африканын түштүгүн өнүктүрүү бирикмесине мүчө мамлекеттердин калган 12 лидери салтанатка бойкот жарыялашты.

Буга чейин бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн байкоочулары Зимбабведе августта өткөн президенттик шайлоо эл аралык жана аймактык стандарттарга жооп бербей турганын белгилешкен.

Эммерсон Мнангагва 2017-жылы 93 жаштагы Роберт Мугабенин ордуна президент болуп келген. 2018-жылы президенттик шайлоодо Мнангагва оппозициянын лидери Нельсон Чамизаны аз гана айырма менен жеңген. Анда оппозиция бийликти шайлоонун жыйынтыгын бурмалаган деп айыптаган.

Быйыл августтагы шайлоодо Мнангагва добуштардын 53%, Чамиза 44% алганы расмий кабарланган. Бирок добуш саноо, жыйынтыкты жарыялоо кечеңдегендиктен, оппозиция бийликти шайлоону кайрадан бурмалады деп айыптады.

Эл аралык укук коргоо уюмдары шайлоо маалында жана андан кийин өлкөдө ондогон оппозиция өкүлдөрү жана активисттер барымтага алынып, камалганын, кыйноого кабылганын белгилешкен.

80 жаштагы Эммерсон Мнангагва өзүнүн инаугурациясында сүйлөгөн сөзүндө "тынч, эркин, ачык жана ишенимдүү" шайлоодо жеңгенин, анын "жоопкерчиликтүү саясаты көпчүлүктү жакырчылыктан алып чыгарын" билдирди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *