Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Бийликти сындаган "Кактус медиа" миллиондук доого жыгылды

0
Бийликти сындаган

Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкек” гезитинин Kaktus.media басылмасына каршы арызын 4-сентябрда карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, доо арыз жазган гезитке Kaktus.media 500 миң сом, басылманын журналисти Диля Юсупова 500 миң сом төлөп бериши керек.

"Чындыкты жазганыбыз сотто аныкталды"

23-майда Биринчи май райондук соту “Вечерний Бишкек" басма үйүнүн доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, Юсупованы 500 миң сом, Kaktus.media басылмасынын өзүн 500 миң сом, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик төлөмдү төлөөгө милдеттендирген. Эки тарап тең бул чечимге макул болбой, кийинки инстанцияга кайрылган.

Kaktus.media сайтынын журналисти Диля Юсупова материалда жазылган фактылар сотто далилденгенин белгилеп, соңку инстанциянын чечимин басылманын ишмердигине байланыштырды.

“Соттун ушундай чечим чыгарары күтүлүп жаткан. Биз юристтер менен бирге райондук жана шаардык соттун чечимине каршы арыз менен Жогорку сотко кайрылабыз. Биз чындыкты жазганбыз. “Вечерний Бишкек" гезити чыкпай калганын баары билет. Мамлекетке, кызматкерлерине миллиондогон карызы бар экени салык кызматы сыяктуу органдардын тастыктама кагаздарында турат. Албетте, бул чечимдин Kaktus.media сайтынын ишмердигине түз байланышы жок. Бирок “Клооп”, “ПолитКлиника” сыяктуу эркин медиаларга ар кандай басым болуп жатканын көрүп жатабыз”, - деди Юсупова.

Чырга себеп болгон маалымат

Өткөн жылы декабрда Kaktus.media басылмасы "Вечерний Бишкек" гезити 2023-жылдын январь айынан баштап чыкпай турганын, электрондук vb.kg сайты калганын жазган.

“Вечерний Бишкек" басма үйү бул кабар чындыкка дал келбейт деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон.

Журналист Диля Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом, калган 25 миллион сомун сайттын өзүнөн өндүрүүнү талап кылган.

Медиа юрист Акмат Алагушев сот чечимине мындай комментарий берди:

“Укуктук талаада юридикалык жактардын ар-намыс, кадыр-барк дегени болбойт. Ар-намыс жана кадыр-барк деген түшүнүк адамдарга тиешелүү. Моралдык зыян дегенде адамдын саламаттыгы жөнүндө сөз болот. Ошондуктан бул абсурд. Жазылган кабардан "банкрот" деген сөз гана сотто жокко чыгарылды. Болгону бир гана сөз. Ошондуктан сот чечими саясий чечим болуп калды. Соттор өз алдынча мындай чечим чыгарбайт эле”, - деди Алагушев.

“Вечерний Бишкек" басма үйүнүн позициясы

“Вечерний Бишкек" басылмасынын өкүлүнө кайрылганыбызда кийинчерээк байланышарын кабарлады. 23-майда басылма расмий билдирүүсүн сайтына жайгаштырган. Анда “Вечерний Бишкек" басма үйү толук кандуу иштеп жатат, “Kaktus.media жарыялаган кабар материалдык жана моралдык зыян алып келет” деп жазылган.

vb.kg сайты өлкөдөгү Kaktus.media, “ПолитКлиника” сыяктуу эркин маалымат каражаттары жөнүндө “Батыштан каржыланган өз кызыкчылыгы бар медиалар” деген мааниде макала жарыялаган.

Бийликке жакпаган эркин медиалар

Орус тилдүү аудиториясы кеңири Kaktus.media басылмасы - өлкөдөгү ар кандай коррупциялык схемалар жөнүндө иликтөөлөрдү жарыялап, бардык багыттагы ар кандай окуяларды ыкчам, түз эфирде чагылдырган медиалардын бири.

Ушу тапта бул медиа сыяктуу көз карандысыз “ПолитКлиника” мамлекеттик ЭлТР телеканалы менен соттошуп жатса, “Клооп” басылмасын жабуу жөнүндө Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылды.

Журналист, жарандык активист Перизат Сайитбурхан демократияга ыктаган өлкөлөр медиаларды материалдык доого жыгуу тажрыйбасын колдонбошу керек деп эсептейт.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы материалдар боюнча талаш-тартыш башка жолдор менен чечилиши керек. ЖМКлар көтөрө албаган доолор коюлуп, ал медиалар жабылып жатат. Эгер туура эмес маалымат чыгарган болсо, кабарды төгүндөшү керек деген чечим болсо мейли. Бирок “ПолитКлиника”, “Клооп”, Kaktus.media басылмасына болгон доолор - сөз эркиндигине басым. Kaktus.media бийликке жакпаган ЖМКлардын бири экени белгилүү”, - деди Сайитбурхан.

"Клооп", "ПолитКлиника" басылмалары Жалал-Абаддагы “Барселона” футбол академиясынын ачылышына атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын жана Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине президенттин уулунун катышы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөлөргө президенттин жообу

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, көз карандысыз медиаларды жана журналисттерди сынга алды. Жапаров аталган басылмалардын иликтөөсүнө жооп берген.

"Ошол "Клооп" баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деген Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштайм. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп, өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар. Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жатканына сүйүнбөйсүңөрбү”, - деген президент.

4-сентябрда алты эл аралык уюм кыргыз бийлигинин "Клооп Медиа" мекемесин жабуу аракетине тынчсыздануусун билдирген кайрылуу таратты. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

Кайрылууга кол койгон Freedom Now, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары үчүн эл аралык федерация, Норвегиядагы Хельсинки комитети, Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму, Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм Кыргызстандын бийлигин жарандык коомго, журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга өз ишмердүүлүгүн коркпой-үркпөй жүргүзүүгө шарт түзүп берүүгө үндөдү.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *