Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Министрлик кызамык жугузгандар азайып баратканын кабарлады

0
Министрлик кызамык жугузгандар азайып баратканын кабарлады

Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борборуна шилтеме берип Кыргызстанда экинчи жума катары менен кызамык оорусунун азайганы байкалып жатканын билдирди.

Маалымат боюнча, ушул жылдын 34-жумасында кызамык оорусунун 39 учуру катталды. Анын ичинде 34ү бала жана бешөө чоң кишилер. Балдар арасында кызамык оорусу өткөн жумага салыштырмалуу 15% азайды (46 учур).

“Жыл башынан бери кызамык оорусу 1982 адамга жукту. Анын 147си чоңдор, 1835и балдар, анын ичинде 1454 учур төрт жашка чейинки балдар арасында катталган”, - деп айтылат маалыматта.

Кызамык жугузуп алгандардын эң көбү Ош облусунда - 635 адам. Андан кийин Бишкек шаарында 485, Ош шаарында 296, Чүй облусунда 214, Жалал-Абад облусунда 116 киши. Калган облустарда 100гө жетпейт.

Кызамык - аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин билдирип келет. Оору өтүшүп кетсе, пневмония, мээнин шишигине алып келип, адам азиз болуп калуу коркунучуна кептелет. Башка жугуштуу оорулардай эле анын алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө.

Кыргызстанда бир катар оор, жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында балдар төрөлгөн күндөн тартып атайын жылнаама боюнча бекер эмделет. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *