Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Кайра шайлоо: Кубанычбек Самаков соттуулугу жоюлганын билдирди

0
Кайра шайлоо: Кубанычбек Самаков соттуулугу жоюлганын билдирди

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоого талапкер Кубанычбек Самаков үч жыл мурун соттон акталып, соттуулугу да жоюлганын билдирди. Бул тууралуу ал 6-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Мыйзам боюнча талапкерди каттоодон мурда БШК анын соттуулугу тууралуу маалыматты ИИМден расмий тактап алат. Андан соң гана каттайт. Мени таң калтырганы БШК ИИМ менен эле чектелбестен Башкы прокуратура, Жогорку Сотко да кайрылып, 10 күн текшертип атып эң акыркы кылып каттаган”, - деди Самаков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Кубанычбек Самаковдун соттуулугу боюнча маалыматтарды иликтеп жатат. Боршайкомдун сайтындагы маалымат боюнча, Фейсбукта Самаковго кылмыш иши козголгону жана соттуулугу жоюлбаганы тууралуу билдирүүлөр тараган. Ушундан улам ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жана Башкы прокуратурага кайрылган.

Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу. Ал 2017-жылы атасы менен чогуу Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча сегиз жылга кесилген.

Кубанычбек Самаков 2019-жылы Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевдин ишине байланыштуу “пара берүү” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал эки иш боюнча тең акталганын кабарлады.

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, соттуулугу бар адам талапкер боло албайт. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *