Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Тажикстанда "Ансоруллох" тобунун үч согушкери жок кылынды

0
Тажикстанда

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Ансоруллох" эл аралык террордук тобунун үч мүчөсү жок кылынганын билдирди. 5-сентябрда таратылган кабарда үчөө ооган-тажик чек арасынан 30-августта мыйзамсыз өтүп, Дарваз районуна жайгашканы, Тажикстанда "теракттарды жасоону көздөгөнү" айтылат.

Расмий маалыматта белгиленгендей, шейшембиде атайын кызматтын ыкчам тобу аларды курчоого алып, багынып берүүнү сураган. Талапка баш ийбей, атышуу башталып, алар жок кылынган. Баары Тажикстандын түрдүү аймактарында туулуп-өскөн жарандар экени аныкталганын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

Быйыл апрелде Тажикстандын атайын кызматы ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн "Ансоруллохтун" эки мүчөсү өлтүрүлгөнүн билдирген.

"Ансоруллох" диний кыймылы Кыргызстанда да 2012-жылы экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *