Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Түркияда сел бери дегенде беш адамдын өмүрүн алды

0
Түркияда сел бери дегенде беш адамдын өмүрүн алды

Түркияда 5-сентябрдын кечинде катуу жамгырдан улам сел жүрүп, бери дегенде беш киши каза болду.

Стамбулда эки киши набыт болгонун, алардын бири чет элдик жаран экенин жергиликтүү басылмалар жазды. Дагы 12 киши жараат алып ооруканага түштү. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу көз жумган жана жараат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Кыркларели облусунда сел үч кишинин өмүрүн алып, дагы үч адамдын дайыны чыкпай жатканы кабарланууда.

Маалыматтарга караганда, сел көчөлөрдөгү автоунааларды агызып, метро станцияларды, жер төлөлөрдү жана имараттардын биринчи кабаттарын каптады.

Ички иштер министрлиги Стамбулда жүздөгөн турак жай, имараттар зыян тартканын билдирди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *