Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Базарбеков сот залдарына техника алууга Кытайдан жардам сурайт

0
Базарбеков сот залдарына техника алууга Кытайдан жардам сурайт

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда сот залдарын видео жана аудио жаздыруу техникалары менен камсыз кылуу үчүн Кытайдан жардам сурай турганын билдирди.

Бул тууралуу ал 8-сентябрда “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде айтып, өлкөдө айрым сот мекемелеринде соттук жараяндарды видеого тартып, аудиого жаздырууда маселе бар экенин, себеби техникалар эскиргенин жүйө кылды.

“Жакын арада Кытайга барып келели деп атабыз. Кытайдын сот системасы санариптештирүү жаатында дүйнөдө биринчи орунда турат. Биз судьялар, аппараттын кызматкерлери менен барып көрүп келели деп атабыз. Мен ошол жерден бизге жардам бериңиздер деп ачык эле айтайын деп жатам. Колду куушуруп отурганга убакыт жок”, - деди ал.

Жакында эле Акыйкатчы институту сот органдарын соттук жараяндарды видеого тартып жана аудиого жаздырууну үзгүлтүккө учуратпоого жана техника бузулганда аны тезирээк оңдоого көңүл бурууга чакырган.

Мекеме институттун кызматкерлери сот жараяндарына туруктуу мониторинг жүргүзүп келатканын, соттук отурумдарды аудио же видеого жаздырууда маселелер аныкталганын билдирген.

2019-жылы Кыргызстанда көчөлөрдө адамды жүзүнөн тааный турган камералар коюла баштаган. Ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC (China National Electronics Import & Export Corporation) компаниясы менен кызматташуу тууралуу буйрук чыгарган. CEIEC Кыргызстанга адамды жүзүнөн тааныган камераларды бекер берип ал орнотулган.

Human Rights Watch уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камераларды сынга алып, санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатканын, аны андан ары эмне кылары белгисиз экенин билдирген. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *