Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Ленин округу: шайлоочулардын 10,04% добуш берди

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) саат 16:00гө карата маалыматына ылайые, №26 Ленин бир мандаттуу округунан парламент депутатын шайлоодо 12 774 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы 127 239 шайлоочунун 10,04% түзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нурлан Койчукеев брифингде шайлоочулар добушканалар жабылгыча жарандык жигердүүлүгүн көрсөтөт деген ишеничин билдирди. Койчукеевдин айтуусунда, жарандардын добуш берүүсүнө бардык шарттар түзүлгөн.

"Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулар Конституциялык укугунан пайдаланып добуш берүүсү үчүн аларга бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө аракет кылдык. Шайлоого мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да келип, добушун бериши үчүн, жалпы 51 добуш берүү тилкесинин 47синде пандустар орнотулган. Ошондой эле үйүнөн чыга албаган айрым шайлоочулар үчүн көчмө үкөктөр менен барып, алардын добуш беришин камсыз кылдык".

Койчукуловдун маалымдашынча, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан 113 адам алдын ала добуш берүү ниетин билдирип кайрылган. Алардын ичинен 86 адам 9-сентябрь күнү үйлөрүнөн добуш берген, алардын 19у майыптыгы бар жарандар.

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүп жатат.  

Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у - эркек, бешөө -аялдар.

Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Биринчи жолу кайра шайлоо өткөрүү бул аймактан 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *