Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Кайра шайлоо: талапкер көп, катышуу солгун

0
Кайра шайлоо: талапкер көп, катышуу солгун

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өтүп жатат. Бул жолу да 28-майдагы шайлоодой эле добуш бергендер аз. Кыргызстанда жалпы эле жылдан-жылга шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөп баратат.

“Шайлоочуларды күтүп отурабыз”

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда бир жылдын ичинде экинчи жолу шайлоо өтүп жатат. 10-сентябрь саат 16:00гө карата шайлоочулардын 10% же 12 миңден ашык адам гана добуш берди. Добушканаларда эл аз. №1035 шайлоо тилкесинин төрайымы Мимоза Масадыкова “Азаттыкка” буларды айтып берди.

“Киши өтө аз болуп жатат. Май айында өткөн шайлоодо деле ушундай болгон. Шайлоочулар аз, дээрлик жок. Күтүп эле отурабыз. Бул мектепте үч шайлоо тилкеси бар. Баарында эле ушундай көрүнүш. Шайлоочу келип сөзсүз шайлоого катышыш керек. Жарандык милдетти аткаруу мамлекет үчүн да маанилүү”.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда 127 239 адам бар жана 51 шайлоо тилкеси ачылган. Саясий жарышка 24 талапкер ат салышууда. Анын ичинен 19у эркек, бешөө аялдар. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул жолку шайлоодо добуш бергендер май айына салыштырмалуу бир аз көп экенин билдирип, элди утур-утур шайлоого активдүү катышууга чакырып жатат.

“Канчалык аз билбейм. Бирок элдин келиши азыраак. Себебин деле айта албайм. Кааласа келип добуш берип кетет. Келбеген кишилерди кыйнай албайт экенбиз. Кандай болсо деле эл өзү чечет”, - деди №1061 шайлоо тилкесинин төрайымы Гүлзар Эгембердиева.

Ленин округунда быйыл 28-майда өткөн шайлоого 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү (13,95%) гана добуш берген. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоо болуп калды. 10-сентябрда шайлоочулардын тизмесине үч миңден ашык киши кошулду. Бишкек шаарынын тургуну Замирбек Молдоканов элдин шайлоого аз келишинин себеби тууралуу мындай деди:

“Депутаттар жакшы иштеп берсе, эл да шайлоого көп келет эле да. “Ушундай кызмат кылат экен, кой, муну шайлайлы же тигиге добуш берели” деп. Бирок азыр элдин ишеними кетип калды да. Ошондуктан адамдар шайлоого деле келбей калды”.

Добуш бергендер жылдан-жылга азайып баратат

Ленин округундагы окуядан кийин Кыргызстанда шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгондорго айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлган. Долбоордун автору, депутат Тазабек Икрамов жүйөлүү себептери бар адамдарды кошпогондо, жарандарды президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга милдеттендирүү сунушун берген.

“Шайлоочулар, өзүңүздөрдүн мыйзамда бекитилген конституциялык укугуңуздарды пайдаланып добуш бериңиздер. Татыктуу талапкерге добушуңарды берип, укугуңуздарды пайдалансаңыздар. Себеби, бизде азыр жогорку техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Бардыгы автоматташтырылган. Электрондук системаны бурмалай албайсың. Ар бир добуш так жана анык болот. Ошондуктан ар бир добуш маанилүү”, - деди Боршайкомдун төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев.

Сандар көрсөтүп тургандай, өлкөдө добуш бергендер жылдан-жылга азайып баратат. Ага эки мисал келтирсек: 2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана түздү. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 миллион 700 миңге жеткен.

Жарандык активист Айбек Теңизбаев буга чейинки жыйынтыгы бурмаланган шайлоолор элдин саясий иш-чарадагы жигердүүлүгүнө терс таасирин тийгизди деп эсептейт. Бирок өлкөнүн тагдырын чечкен шайлоолорго кайдыгер кароо коомго зыян келтирерин белгилейт.

“Элди шайлоого чакыруу жана анын маанилүү экенин түшүндүрүү милдети бийликтин моюнунда. Бул негизги иштердин бири болуш керек. Экинчиден, талапкерлер менен саясий партиялардын да ролу чоң. Саясий маданият калыптанган өлкөлөрдө элди шайлоого талапкерлер тартат. Бизде аларга ишенимдин жоктугунан шайлоочулар да кайдыгер болууда. Бийликтин булагы эл болгондон кийин, шайлоого барып добуш берүү өтө маанилүү. Анткени ар бир адамдын добушу шайлоонун жыйынтыгына таасир этет. Шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик куралып, мамлекеттин саясаты аныкталат. Жарандар ушуну түшүнүшү керек. Жарандар бийликтин өкүлдөрүн тандап жатканын, анын жыйынтыгы менен мамлекет тандаган жол, максаты аныкталарын билиши зарыл”.

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо 28-майда өткөн. Боршайком бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *