Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Түркмөнстан: мамлекеттик кызматкерлер пахта терүүгө мажбурланууда

0
Түркмөнстан: мамлекеттик кызматкерлер пахта терүүгө мажбурланууда

Түркмөнстанда бюжеттик кызматкерлерди, анын ичинде билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштегендерди бийлик күчтөп пахта терүүгө жөнөтүп жатат. Пахта жыйноо кампаниясына мектеп окуучулары да тартылганын "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

Жергиликтүү дарыгердин айтымында, ар бир кишиге күнүнө 60 килограмм пахта жыйноо талабы коюлган.

«Бирок талаада пахта аз болгондуктан, күнүгө 13 кг эле чогултууга мүмкүн», - дейт ал.

Пахта жыйноо боюнча өнөктүк бир катар облустарда 9-сентябрда расмий башталары жарыяланганы менен элди талааларга эрте эле айдап башташты.

Түркмөнстанда дыйкандар мамлекеттен жерди ижарага алышат. Бул үчүн алар мамлекеттик эмнени талап кылса, ошону эгиши керек. Мамлекет суу, жер семирткич жана айыл-чарба техникасы менен камсыздоо милдетин алган. Келишимге ылайык, дыйкандар алган түшүмүн мамлекетке аныкталган баада сатышы зарыл.

Бирок дыйкандар көп жылдан бери мамлекет өз милдетин аткарбай жатканына нааразы.

Түркмөнстан быйыл 580 миң гектар жер аянтынан 1 миллион 250 миң тонна пахта жыйноону көздөп жатат. Өлкөдө пахта терүү сезону декабрдын ортосуна чейин уланат.

Расмий Ашхабад элди пахта терүүгө күчтөп айдаганы үчүн көп жылдан бери сынга кабылып келет. Бийлик буга эч кандай реакция жасабайт. Ал эми мамлекеттик медиа каражаттары бул маселени чагылдырбайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *