Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

"Тазалыктын" акысын төлөбөгөн үйлөргө атайын белги чаптоо сунушталууда

0

Бишкектин таштанды тазалоочу “Тазалык” ишканасына калктын жана мекеме-ишканалардын карызы миллиондоп саналып жатканын, ошонун айынан жумушчулардын айлык маянасы кечигип, атайын техниканы оңдоп-түзөөдө да кыйынчылык жаралып жатканын мэрия билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын 9-сентябрдагы маалыматына караганда, аталган муниципалдык ишканага болгон дебитордук карыз бүгүнкү күндө 185 миллион сомду түзүүдө.

Шаар башкармалыгы маселени чечүү жолдорунун бири катары “Тазалыктын” кызмат акысын бир жылдан ашуун убакыттан бери төлөбөй жүргөн үйлөргө атайын белги чаптап коюу сунушталып жатканын маалымдады.

“Тазалык” мэрияга караштуу муниципалдык ишкана. Калк үчүн тариф айына киши башына 41 сомду, пенсионерлер үчүн 22,5 сомду түзөт. Ал эми мекеме-ишканалар тоннасына 2430 сом төлөөгө милдеттүү.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *