Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Депутат Эрбаев Иштамберди кенин улутташтыруу маселесин көтөрдү

0
Депутат Эрбаев Иштамберди кенин улутташтыруу маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 11-сентябрдагы жыйынында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал, Ала-Бука райондорундагы алтын казууга байланышкан маселелерди карады. Депутат Алишер Эрбаев Ала-Букадагы Иштамберди кенин казган кытайлык компания үчүнчү ирет алмашканын жана лицензиялык келишимдердин бир катар жобосун бузганын айтып, улутташтыруу маселесин көтөрдү.

"Булар ишин азыр ашар жолу менен алып барып жатат. Биз кенди улутташтыргыла деп тапшырма бергенбиз. Лицензиясын токтотуп, Кумтөргө окшотуп улутташтырып, мамлекетке өткөрүп, өкмөткө иштесин дегенбиз. Эмне үчүн дегенде ал жерди көргөндө үрөйүң учат. Канча жолу адам өлүмү менен аяктаган окуялар болду. Уу калдыктар сакталган жайы жана башкасына байланыштуу чоң суроолор бар. Аларга кемчиликтерин жоюу тууралуу 100дөн ашык жолу эскертүү берилген. Аны карап да коюшкан жок. Биз барып текшерип, көрүп келгенбиз. Мен "Фул Голд Майнингди" изилдеп көрдүм, бул жерде аны улутташтырууга мүмкүнчүлүк бар. Азыркы күндө алар үч лицензиялык аянтта иш алып барып жатат. "Фул Голд Майнинг" биздин лицензияны Кытайда ушуну менен үчүнчү жолу сатып жатат. Бул тууралуу маалыматыңар барбы? Булардын ээси үчүнчү жолу алмашып жатат. Булардын аты эле калды, ээлеринин баары алмашып кетти. Юстиция министрлигине өзгөртүү киргизилген жок. Эмне, биздин мамлекеттин жери, казынасы чет элдиктерге таандык болуп калганбы?" - деди Эрбаев.

Жыйында өкмөт өкүлдөрү компаниядагы айрым жагдайлар иликтенип жатканын билдиришти.

"Фул Голд Майнинг" парламентте айтылган дооматтарга байланыштуу комментарий бере элек.

Былтыр мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы сапарынын алкагында бир нече алтын кенге, анын ичинде Иштамбердиге барган. Өкмөттүн басма сөз кызматы "Фул Голд Майнинг Компани" ишканасынын ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышканын билдирген.

Былтыр октябрда "Фул Голд Майнинг" компаниясынын жумушчулары иске ууланган. Алардын экөө мерт болгону маалымдалган. Жергиликтүү милиция окуяны териштирип жатканын билдирген жана анын жыйынтыгында кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде чалгындоо иштерин 2008-жылы баштаган, алтын казууга болсо 2011-жылы киришкен. Учурда 400дөй адам иштери айтылган. Аталган кенде 40 тоннага жакын алтындын кору бар. Компания жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *