Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Кайра шайлоо: 21 арыз боюнча иш козгоодон баш тартылды

0

Бишкектеги бир мандатту Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жараянына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 28 кайрылуу түшкөнүн бүгүн 11-сентябрда Боршайкомдун төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, 28 кайрылуунун 22син ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн милицияга жөнөткөн. Арыздар Ленин райондук милициясында каралып, 21и боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган.

“Кайрылуулардын 8и шайлоочулардын добушун сатып алуу, 11и үгүт эрежелерин бузуу тууралуу болду. Калгандары 1-2ден кайрылуу административдик ресурсту пайдалануу, кызматынан кыянаттык менен колдонуу жөнүндө. Баары милицияда каралып, жалпысынан 21 арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды”.

Иш козгоодон баш тартуу тууралуу чечимдердин мыйзамдуулугун прокуратура да тастыктап, өз корутундусун бергенин кошумчалаган Шайназаров добуш сатып алуу жөнүндө айтып арызданган адам далил фактыларды, маалыматтарды келтириши керектигин белгиледи.

Шайназаров бул шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулганын, таза, ачык жана айкын өткөнүн, депутаттык мандатка ээ болгон адам 24-сентябрга чейин расмий жарыяланарын айтты.

Бир мандатту Ленин шайлоо округунда 51 шайлоо тилкесинде  127 миң шайлоочу катталган.

10-сентябрда аталган округда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо жараяны өтүп, катталган шайлоочулардын 20 миңдейи, башкача айтканда 15% ашууну добушун берди.

БШКнын сайтындагы баштапкы маалыматка караганда, 24 талапкердин арасынан (19 эркек, беш аял талапкер) алдыда Кубанычбек Самаков келе жатат. Ага жалпы добуштардын 26,14% тийди. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 18,99%, үчүнчүдө 13,04 % добуш менен Аскар Алмаз уулу келатат.

Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Биринчи жолу кайра шайлоо өткөрүү бул аймактан 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *