Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду иштен алуу талабы дагы айтылды

0
Жогорку Кеңеште Эдил Байсаловду иштен алуу талабы дагы айтылды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 11-сентябрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тууралуу атайын билдирүү жасады. Анда өкмөт өкүлүн социалдык тармактагы бир катар маселелерге байланыштуу айыптап, кызматтан алынышы керектигин айтты.

"Сентябрда "чу" дегенде эле билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлери алмаштырылды. Эмне себептен Кыргызстандагы китептердин жоктугуна Каныбек Иманалиев жооп берип, Эдил Байсалов жооп бербеши керек? Саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөргө Эдил Байсалов жооп бербеши керекпи? Парламентке келип ороңдоп, чоң сүйлөп койсо эле кыйын болуп кетиши керекпи? Биз андай "хандардын" көбүн көргөнбүз. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу органынын ортосуна чок салган Байсалов кызмат ордунда турганга моралдык акысы жок",-деди Атазов.

Комитеттин төрагасы, депутат Улан Примов Атазовдун билдирүүсүн колдоду. Ал Байсаловго байланыштуу үч фракция маселе көтөрүп, парламенттин тиешелүү чечими президентке жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Эдил Байсалов парламенттеги соңку билдирүү тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Ал мындан эки ай мурда "Азаттыкка" курган маегинде Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган. Эл өкүлдөрүнүн беделине шек келтирүү ниети болбогонун, Конституцияга ылайык аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирген.

Жогорку Кеңеш июнь айында Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу анын отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Анын алдында Социалдык саясат комитеттин жыйынында Байсалов менен айрым депутаттар кайым айтыша кеткен.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *