Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Өкмөттө кышка даярдык талкууланды

0
Өкмөттө кышка даярдык талкууланды

Күз-кыш мезгилинде экономика тармактарын жана калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси бүгүн 11-сентябрда өкмөттө талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлиги менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Төрөбаев көмүрдүн жетишсиздигине жана алып сатарлардын айынан баанын өсүшүнө жол бербөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына көмүр рыногунда, дегеле жалпы социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын такай көзөмөлгө алып туруу тапшырмасын берди. Бул багытта өзгөчө Баткен жана Ош облустарында көзөмөлдү күчөтүү белгиленди”, - деп билдирди мекеме. 

Өкмөттүн маалыматына караганда, калктын керектөөсүнө жылытуу мезгилинде 1,2 млн тонна кара отун зарыл. Республика боюнча көмүр сатыла турган 549 база ачылганы жатат.

Кыргызстанда автожол аркылуу сыртка көмүр ташып чыгып экспорттоого жарым жылга убактылуу тыюу салынганы буга чейин кабарланган. Мындай чектөөнүн “Эркеч-Там” жана “Торугарт” автомобилдик өткөрүү пункттарына жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экени белгиленген.

Кышында калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүрү жетишсиз болсо же анын баасы жогорулап кетсе президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, айыл өкмөт башчыларына жеке жоопкерчилик жүктөлөрү айтылган.

Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. Нарындагы Кара-Кече көмүр кени “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына таандык, анда эки жүздөй адам эмгектенет. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *