Алымкадыр Бейшеналиев баштаган реформасын улантарын айтты
Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды. Анда Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин министр кезинде баштаган реформаларды улантып, аягына чыгарарын айтты.
Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир топ менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү бул тармакта реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келген.
Ошол маалда Жогорку Кеңеште Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандарынан улам өлкө жетекчилерин реакция кылууга чакыргандар болгон. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Башкы прокуратуранын сунушу менен Бейшеналивге сөгүш жарыялаган.
Бейшеналиев ушул жылы июнда кармалган да, көп өтпөй үй камагына чыккан. Башкы прокуратура ага жемкорлукка байланыштуу жалпысынан жети иш козголгонун билдирген. Ага чейин экс-министр башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаңжалдашып жатканы, чырды териштирүү үчүн атайын комиссия да түзүлгөнү белгилүү болгон.
Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу комментарий берип, "экөөндө тең күнөө бар" экенин айткан. Эки жетекчинин иштен убактылуу четтетилип, бирок кайра Зулушев кызматка киришкенде Бейшеналиевдин үй камагына чыгарылганын "соодалашуу жүргөн" деген күмөндүү ойлорду жокко чыгарган.
Буга чейин парламенттин Социалдык саясат комитети дагы Бейшеналиев менен Баатырованын талапкерлигин жактырган.