Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң дозасы келди

0
Кыргызстанга кызамык-кызылча  вакцинасынын 755 миң дозасы келди

Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 12-сентябрда кабарлады. Вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына аталган министрликтин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышты.

Өткөн аптада Республикалык иммунопрофилактика борбору Кыргызстанда кызамык оорусунун азайганы байкалып жатканын билдирген. Маалыматка караганда, жыл башынан бери кызамык 1982 адамга жуккан. Анын 147си чоңдор, 1835и балдар, анын ичинен 1454 учур төрт жашка чейинки балдар арасында катталган.

Кызамык - аба аркылуу таралуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин билдирип келет. Оору өтүшүп кетсе, пневмония, мээнин шишигине алып келип, көз көрбөй калышы ыктымал. Башка жугуштуу оорулардай эле анын алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө.

Кыргызстанда бир катар оор, жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында балдар төрөлгөн күндөн тартып атайын жылнаама боюнча бекер эмделет.

Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) ийинге сайылат. Эмдөөдөн кийин ийне сайылган жер кызарып, ооруксунуу болушу ыктымал. Дарыгерлердин маалыматына караганда, ал үч күндөн ашпаган убакыт ичинде тарайт. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *