Мектептеги китеп тартыштыгы баш ооруга айланды
Жаңы окуу жылында мектептердеги китеп тартыштыгы аймактарда чоң көйгөйгө айланды. Жалал-Абадда ата-энелер айылдан атайын шаарга келип, базарларда китеп издеп журүшөт. Кээ бири издегенин таппай жумалап жүрсө, айрымдарынын тапкан китептери мектепке жарабай калууда.