Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Шакиев министрлер кыргыз тилин "татыктуу деңгээлде" билиши керек экенин эскертти

0
Шакиев министрлер кыргыз тилин

Мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин татыктуу деңгээлде билүүсү боюнча маселе бүгүн 13-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев санарип өнүктүрүү министри кызматына сунушталып жаткан Нурия Кутнаеванын талапкерлиги каралып жатканда аны мамлекеттик тилди жакшылап үйрөнүүгө чакырды жана мындан ары бул маселе жетекчилерди тандоодо эске алынарын айтты:

“Бизде мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзам бар. Сиз кыргыз тилин жакшылап үйрөнүп, татыктуу деңгээлде билиңиз. Министрлер кабинети жана президенттин өкүлү, мындан кийин мамлекеттик кызматка кандай дайындоо болбосун, биринчи кезекте мамлекеттик тилди билүү боюнча маселе биринчи орунда турушу керек. Бул мыйзамдын талабы, конституциялык мыйзам. Эгерде мамлекеттик тилди татыктуу деңгээлде билбесе биз бул маселени кийинкиде эске алабыз”.

Кутнаеванын тилди билүү маселесин депутат Жусупбек Коргонбай уулу да көтөргөн. Анын “Сиздин кыргыз тилин өтө терең билишиңизге күмөнүм болуп жатат” деген суроосуна Кутнаева өзүнчө мугалимден сабак алып жатканын айтып жооп берген:

“Эне тилин колдонуу маанилүү экенин түшүнөм жана аны жакшыртууга аракет кылып жатам. Мектепте, университетте жана иште негизги тил катары орус тилин колдонуп келгем. Азыркы учурда жекече мугалим менен үйрөнүп жатам. Мен баарын түшүнөм, бирок абдан жай, абдан оор акцент менен сүйлөп жатам. Бирок аракет кылам”.

Быйыл 17-июлда Кыргызстанда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү экени белгиленген.

Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ деп жазылган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "Союздаш катары Кыргызстандын жетекчилиги кыргыз тилин өнүктүрүү менен катар орус тилин колдоого, аны илгерилетүүгө багытталган балансталган тил саясатын жүргүзөт деп ишенебиз”, - деп билдирген.

Соңку мезгилде интернеттеги социалдык түйүндөрдө, коомчулукта өлкөдөгү орус тилинин макамы, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкуу жүрүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова орус тилин кыргыз тилине атаандаш кылып Конституцияга жазып алган тажрыйба башка мамлекеттерде жок экенин айтса, төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалоо пикири бир топ талкуу жараткан.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүүгө даярдык бар экенин билдирген, бирок президент Садыр Жапаров аны "аңдабай айтылган сөздөрдөн алыс болууга" чакырган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *