Кыргыз-өзбек чек арасы: Кара-Багышта жашоо жанданды
1-сентябрда Кыргызстандын Араван району менен Өзбекстандын Мархамат районун бириктирген чек арадагы өткөрмө бекет ишке кирди. Кошуна жашаган тургундар бири-бирине ээн-эркин каттап, жашоо жанданды. Бул чек ара бекети 10 жылдай жабык турду.