Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

"Настоящее Время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко каза болду

0

"Настоящее время" телеканалынын журналисти Олег Ануфриенко 13-сентябрда оорудан көз жумду. 35 жаштагв Олег "Настоящее время" телеканалында 2019-жылдан бери иштеп келген. Ал жаңылыктардын продюсери, маалымат программаларынын башкы редактору, НВ-digital командасында видео редактор болуп эмгектенген. Буга чейин ал Беларустагы алдыңкы көз карандысыз медиаларда иштеген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жеффри Гедмин Ануфриенконун жакындарына көңүл айтты.

"Кесиптешибиздин өлүмү мени кайгыга салды. Биз Олегдин кесипкөйлүгүн, боорукерлигин, эркин жана демократиялуу дүйнөнүн идеяларына берилгенин эстеп жүрөбүз. Анын туугандарына жана досторуна көңүл айтабыз",- деп жазды Гедмин.

"Азаттыктын" жамааты Олег Ануфриенконун жакындарына кайгыруу менен көңүл айтат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *