Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Орусияда беш жашар кызды өлтүргөн киши өмүрүнүн аягына чейин кесилди

0
Орусияда беш жашар кызды өлтүргөн киши өмүрүнүн аягына чейин кесилди

Орусияда Кассациялык сот тажик мигрантынын 5 жаштагы кызы Хувайдо Тиллозоданы зордуктоого жана өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Александр Семинди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты.

Кыздын атасынын кызыкчылыгын коргогон адвокат Шавкатжон Умаров соттун өкүмү 13-сентябрда чыкканын "Озоди" радиосуна билдирди.

Москва облусунун соту быйыл мартта Семинди 24 жылга кескен. Маркумдун ата-энеси катаал жаза колдонууну сурап, кассациялык сотко даттанган.

2018-жылдын 18-июлунда кызды Москванын четиндеги Серпухов шаарында короосунда ойноп жүргөн жеринен уурдап кетишкен. Үй-бүлөсү жана ыктыярчылар аны бир күн бою издеп, сөөгүн темир жол станциясынын жанынан табышкан. Экспертиза Хувайдо зордукталгандан кийин бычакталганын аныктаган.

Кылмыш үчүн кошунасы Александр Семин кармалган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *