Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Аба ырайы: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

0
Аба ырайы: тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

"Кыргызгидромет" кызматы 15-16-сентябрында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.

Талас, Жалал-Абад облустарынын өрөндөрүндө, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 23…25° жылуу болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *