Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Футбол: Кыргызстандын кубогу үчүн "Абдыш-Ата" менен "Мурас Юнайтед" беттешет

0
Футбол: Кыргызстандын кубогу үчүн

Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык оюну 16-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кубок үчүн "Абдыш-Ата" (Кант шаары) жана "Мурас Юнайтед" (Жалал-Абад шаары) футболдук клубдары беттешет. Оюн саат 20:00до башталат.

"Абдыш-Ата" командасы 2022-жылы өз тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Ал эми Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" клубу быйыл дебютант катары өлкө чемпионатына катышып жатат. Беттешти "Кыргыз Спорт ТВ" каналы түз алып көрсөтөт.

Кыргызстандын футбол боюнча кубогу 1992-жылдан бери өтүп келет. Бул мелдешти эң көп уткан "Дордой" (10 жолу) менен "Алга" (9 жолу уткан) клубдары уткан. Кубоктун учурдагы ээси "Абдыш-Ата" командасы бул мелдешти беш ирет жеңген. (GT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *