Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Дүйшөмбүдө Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу өттү

0
Дүйшөмбүдө Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу өттү

Бүгүн 14-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү. Кыргыз жетекчисинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоону талкуулашты.

Мамлекет башчылары ошондой эле регионалдык жана эл аралык маселелер, Дүйшөмбүдө өтө турган Борбор Азия лидерлеринин бешинчи консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алышканы маалымдалды.

“Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон эки мамлекеттин жана элдин ортосундагы ынак коңшулукту бекемдөө максатында үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки тараптуу мамилелердин бардык спектри боюнча ачык жана мазмундуу баарлашууга даяр экендигин билдиришти”, - деди президенттин басма сөз кызматы.

Тажик президентинин басма сөз кызматы чек ара боюнча сөз болгонун жазган жок. Жолугушууда Эмомали Рахмон Борбор Азия жетекчилеринин саммити аймактын өнүгүүсүнө натыйжалуу таасир этерин айтканын, эки президент ортодогу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушканын, үзгүлтүксүз саясий диалогду улантуу керек экенин белгилешкенин гана кабарлады.

Дүйшөмбү шаарында бул күндөрү Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өткөнү жатат.

Жапаров менен Рахмондун соңку жолугушуусу быйыл 2-июнда Чолпон-Атада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммитинин алкагында өткөн. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирген.

Тажик президентинин басма сөз кызматы да жолугушуу тууралуу маалыматында чек ара маселесине өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, чек аранын 626 чакырымдык долбоордук сызыгынын 102 чакырымы соңку 1,5 жылда макулдашылып жазылганын маалымдаган.

Кыргыз тараптын эсебинде долбоордук сызык (орток пикир табылган) бүгүнкү күндө 682 чакырымды түзүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин 2022-жылдын 17-апрелинде эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын убактылуу таштап качууга мажбур болгон. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *