Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Эркебаев парламентте сөз эркиндигин чектебөөгө чакырды

0

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев сөз эркиндигин чектөөгө жана тыюуга каршы экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда өзүнүн 70 жылдыгына карата өткөрүлгөн маарекелик иш-чарада сүйлөп жатып айтты. Ал маалымат каражаттарын соттоп же артынан түшкөн туура эмес экенин белгиледи.

"Мен Кыргызстандагы сөз эркиндигине, басма сөзгө болгон урматым бийик. Мен аларды чектөөгө, аларга тыюу салууга каршымын. Биздин чөлкөмдө Кыргызстандын жалгыз артыкчылыгы - сөз жана басма сөз эркиндигине болгон биздин демократиялык мамилебиз. Ошону сакташ керек. Аны соттоп же артынан түшкөн туура эмес болот. Кийинки мезгилде дүйнөлүк коомчулук буга көңүл буруп жатат", - деди Эркебаев.

Акыркы эки-үч жылда бийлик башында тургандардын көмүскө иштерин иликтеген басылмалар куугунтукталган же социалдык тармактарда чабуулга кабылган учурлар көбөйө баштады. Бийликке тиешеси бар адамдар жана алардын жакындары тууралуу иликтөөлөрдү жасаган "Клооп", "Чекит. Медиа", "ПолитКлиника" сыяктуу иликтөөчү басылмаларга мамлекеттик телеканалдар аркылуу чабуул жасалып же соцтармактардан каралоолор болгону белгилүү. Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген.

"Азаттык медианын" сайты былтыр октябрдан тартып расмий бийликтин буйругу менен бөгөттөлүп, банк эсептери жабылган. Быйыл апрель айында райондук сот тарабынан "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыккан. Кийинчерээк бул чечимди Бишкек шаар соту жокко чыгарып, сайтка коюлган бөгөт алынып, банк эсептери жандандырылды.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөгөн. Президент Садыр Жапаров 26-августта мамлекеттик "Кабар" агенттигене берген маегинде көз карандысыз медиаларды мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт деп сындаган. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *