Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Өзбек өкмөтү диний радикализмге каршы күрөштү күчөтөт

0
Өзбек өкмөтү диний радикализмге каршы күрөштү күчөтөт

Өзбекстандын Министрлер кабинетинин 10-сентябрдагы кезексиз жыйынында өлкөдөгү диний радикалдашуу маселеси талкуулаганы бейшембиде маалым болду.

"Азаттыкка" маалымат берген булактардын айтымында, премьер-министр Абдулла Арипов менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун катышуусунда өткөн жыйында өлкөдө "диний радикалдашуунун күчөшү" тынчсызданууну жаратып жатканы айтылган.

Жыйынга катышкан аткаминерлердин бири жумуш ордунда намаз окуу, шарияттын негизинде көп аял алуу, мамлекеттик кызматкерлер менен өкмөт мүчөлөрүнүн диний иш-чараларга катышуусу сынга алынганын билдирди.

"Аткаминерлер же динди тандашы, же мамлекеттик кызматта иштеши керек", - деген премьер-министр Арипов мындан ары укук коргоо органдары бул жаатта көзөмөлдү күчөтөрүн кошумчалаган.

Азырынча премьер-министрдин басма сөз кызматы да, мамлекеттик медиалар да бул жолугушуу тууралуу расмий маалымат бере элек.

Ал арада Өзбекстандын бир катар мечиттеринде азан чакыргандагы үн күчөткүчтөрдүн добушу азайтылганын маалымат каражаттары жазышты.

Өзбекстандагы булактардын кабарлашынча, укук коргоо органдары ислам адабияттарын, атырларды жана кийимдерди саткан дүкөндөрдө рейд жүргүзүп, дүкөндөрдүн аталыштарын өзгөртүүнү жана арабча жазууларды алып салууну талап кылышууда.

Бир нече күн мурун Өзбекстандын муфтийи динге таянуу менен бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү, улуттук маданиятка шайкеш келбеген диний мүнөздөгү кийимдерди сынга алган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *