Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Жапаров Борбор Азия саммитинде суу жана энергетика маселесин көтөрдү

0
Жапаров Борбор Азия саммитинде суу жана энергетика маселесин көтөрдү

Борбор Азия аймагындагы суу жана энергетика ресурстары маселесин бүгүн 14-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында аймактагы өлкөлөрдүн президенттеринин саммитинде мамлекет башчысы Садыр Жапаров көтөрдү. Ал сууга болгон мамилени толук өзгөртүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта биргелешип иштөөгө чакырды:

"Байкалган терс тенденциялар баарыбызды ойлонтот. Бул ушул жерде жашаган баарыбыз үчүн, ошондой эле кийинки муундарыбыз үчүн зарыл болгон жашоо шарты катары сууга болгон мамилени толугу менен өзгөртүү зарылдыгын көрсөтүп турат. Биз Борбор Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжал пайдалануу үчүн, биринчи кезекте өлкөлөрдүн суу жана суу-энергетикалык секторлоруна мамлекеттик да, жеке да масштабдуу капиталдык салымдарды тартуу боюнча кардиналдуу, конкреттүү жана натыйжалуу чараларды көрүшүбүз керек".

Жапаров суу жылдан жылга азая баштарын, ал эми сууга болгон муктаждык жана керектөө көбөйөрүн, аймактагы өлкөлөрдүн саясаты ошого негизделиши зарылдыгын айтты.

Бүгүнкү саммит алкагында Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен өзүнчө жолугуп, кызматташтык маселелерин, анын ичинде чек араны да талкуулаганын президенттин басма сөз кызматы билдирди. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *