Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Алматыда абакта отурган каракалпак активисттери бошотулду

0
Алматыда абакта отурган каракалпак активисттери бошотулду

Казакстанда бир жыл мурда кармалып, Алматыдагы тергөө абагында отурган каракалпакстандык активисттер Кошкарбай Төремуратов менен Жангелды Жаксымбетов эркиндикке чыкты.

"Азаттыктын" казак кызматы аларды Өзбекстанга өткөрүп берүү тууралуу Ташкенттин өтүнүчү күчүндө экенин жазды. Буга чейин казак бийлиги Төремуратов менен Жаксымбетовго башкалка берүүдөн баш тарткан.

48 жаштагы диссидент-блогер Кошкарбай Төремуратов жана 54 жаштагы оппозициячы Жангелды Жаксымбетов былтыр 13-сентябрда Алматыда кармалган.

Казакстанда булардан тышкары каракалпак диаспорасынын дагы бир нече мүчөсү да колго түшүп, тергөө абактарына камалган. Алардын тарапташтары бул кармоолорду 2022-жылы июлда Каракалпакстанда болгон жапырт нааразылык акциялар менен байланыштырууда.

Азырынча Төремуратов менен Жаксымбектовдун иши боюнча соттук угуулар качан өтөрү белгисиз. Өзбекстанда аларга "Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" беренеси боюнча айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган.

Былтыр 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алып салууну караган сунушка каршы чыгышкан. Митингдер күч менен басылып, кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, 4 тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген. Башкы прокуратура кармалган 14 кишиге "Өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" беренеси менен айып тагылганын маалымдаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *