Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Финляндия орус номуру бар унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салды

0
Финляндия орус номуру бар унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салды

Финляндиянын өкмөтү орус номуру тагылган автоунааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салды.

Чектөөлөр 16-сентябрдан тарта күчүнө кире турганын Yle Улуттук телерадиокомпаниясы маалымдады. Буга чейин кирген автоунаалар алты ай ичинде өлкө аймагынан чыгарылышы керек. Ошол эле учурда бул тыюу салуу Евробиримдиктин жарандарына, дипломатиялык өкүлчүлүктө иштегендерге жана Финляндияга гуманитардык миссия менен кирген адамдарга колдонулбайт.

Буга чейин Латвия, Эстония жана Литва ушундай тыюу салган. Вильнюс Калининградга бараткан же келе жаткан машинелерге гана уруксат берет.

Азырынча Польша гана мындай чектөө киргизбеген, Евробиримдиктеги Орусия менен чектешкен жалгыз өлкө болуп калды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *