"Үй кызматчыдаймын". Кайын журт менен калган келиндер
Расмий маалымат боюнча миллиондон ашык кыргыз жараны чет өлкөдө миграцияда. Адатта күйөөлөрү миграцияга кеткен аялдар кайын журту, балдары менен жалгыз калат. Алардын абалы, жашоосу тууралуу дээрлик сөз болбойт. Бүгүн “Эже-сиңдилерде” мигранттардын Кыргызстанда калган аялдары тууралуу сүйлөшөбүз.