Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

УКМК Таластын "инкарчы" тургуну идеологиясынан баш тартканын билдирди

0
УКМК Таластын

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын дагы бир мүчөсү аныкталганын бүгүн 16-сентябрда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте аталган агымдын облус аймагындагы мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу аракети көрүлдү.

14-сентябрда Таласта бул уюмдун 33 жаштагы тарапкери аныкталганы, “ал өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыян экстремисттик идеялардан баш тартып, башкаларды мындай мыйзамсыз идеологияга алдырбоого чакырганы”, мындан тышкары дагы эки киши менен профилактикалык түшүндүрүү иши жүргүзүлгөнү маалымдалды.

Кыргызстанда күч органдары өлкөдө тыюу салынган “Йакын инкар” кыймылынын мүчөлөрү кармалганы боюнча кабарларды байма-бай жарыялашат. Бирок учурда жалпы канча киши бул кыймылдын мүчөсү экени жөнүндө маалымат жок.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун сайтындагы маалыматка таянсак, “Йакын инкар” диний агымы - "Таблиги жамаат" уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Алар чачын бир аз өстүрүп, узун көйнөк кийип жүрөт. Заманбап жашоодон баш тартып, турмушун динге гана байлоого чакырышат. Диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *