Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Мамлекеттик кызматтарда гендердик квота сакталбай жатканы сынга алынды

0
Мамлекеттик кызматтарда гендердик квота сакталбай жатканы сынга алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева жана Жылдыз Садырбаева Социалдык саясат боюнча комитеттин 18-сентябрдагы жыйынында мамлекеттик кызматтарда гендердик квота сакталбай жатканын сынга алышты. 

“Эки министрден башка жогорку кызматтарда аял жок. Бир дагы аял аким жок. Анан кантип гендер же ал жөнүндө мыйзамды талкууласак болот”, - деди Садырбаева.

Жыйында социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова гендердик квота боюнча кыскача маалымат берди.

“Президенттик администрацияда иштеген 225 кишинин 82си аялдар. Жогорку Кеңештин аппаратындагы 445тин 78и аялдар. Борбордук шайлоо комиссиясында бир аял. Эсептөө палатасында жок. Акыйкатчы институтунда бирөө. 452 айыл өкмөтү болсо, анын 14ү аялдар”, - деди ал. 

Комитетте “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин гендердик теңдигинин сакталбай жатышы көп талкууланып келет. Мыйзамда ар бир мамлекеттик мекемеде бир жыныстагы кызматкерлер жалпы жамааттын 70% ашпашы керек деп жазылган.

Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 19у же 21% айымдар. Министрлер кабинетинин 21 мүчөсү болсо, эки министрликти аялдар башкарат. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *