Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

19-сентябрдын аба ырайы

0
19-сентябрдын аба ырайы

19-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун  тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21…26;

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11.

​Бишкекте түнкүсүн жана түшкө чейин жаан жаабайт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градус болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *