Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

ТИМ Литва чек арасында кыргызстандыктар азайганын билдирди

0
ТИМ Литва чек арасында  кыргызстандыктар азайганын билдирди

Кыргызстандын тышкы иштер министри Литва менен Беларустун чек арасында кезек күткөн кыргызстандыктардын саны азая баштаганын билдирди. Мекеменин 18-сентябрдагы маалыматында чек арадан унааларды өткөрүү процесси тездеген.

Учурда “Медниникай Литва - Каменный Лог” өткөрмө бекетинен бир суткада 20га жакын жүк ташуучу автоунаа өтүп жатат.

Мекеме Литва соңку учурларда чек арадан өтүүчү жүк ташуучу автоунаалардын бардык түрүн кылдат текшерип жатканын белгилеген.

Министрлик 7-сентябрда Литванын Беларус менен чектеш эки – “Шумскас-Лоша” жана “Твярячюс-Видзы” бекеттери жабылып, чек арада Кыргызстандын 90го чукул жараны жана 70 жүк ташуучу автоунаа тыгында калганын билдирген. Анын алдында Литвадан автоунаа ташып келаткан жарандар чек арадан өтө албай калганын айтып, кыргыз бийлигине видео кайрылуу жолдогон.

ТИМдин маалыматында Литва менен Беларустун чек арасында “Лаворишкес Литва - Котловка”, “Мядининкай Литва - Каменный лог”, “Шальчининкай Литва – Бенякони”, “Райгардас Литва – Привалка” бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерден жеңил машинелер жана жүк ташуучу автоунаалар да өтсө болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *