Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Нью-Йоркто глобалдык ысыкка тынчсыздангандар жүрүшкө чыкты

0
Нью-Йоркто глобалдык ысыкка тынчсыздангандар жүрүшкө чыкты

БУУнун климат боюнча саммитинин алдында Нью-Йоркто миңдеген адамдар глобалдык жылуулукка тынчсыздануусун билдирип жүрүшкө чыгышты.

Уюштуруучулар жекшембидеги акцияга 75 миң адам, анын ичинде белгилүү саясатчылар жана актёрлор катышканын билдиришти. Демонстрацияга чыккандардын 15% жакыны биринчи жолу жүрүшкө кошулганы Америка университетинин социологу Дана Фишер жасаган сурамжылоодон кийин маалым болду.

Жөө жүрүшкө чыккандар көмүрдүн, мунайдын жана газдын глобалдык жылуулукка терс таасири, жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшү тууралуу айтып, келечек мына ушул жагдайлардан көз каранды экенин белгилешти.

Демонстранттар АКШнын президенти Жо Байденге кайрылып, аны мунай жана газ долбоорлорунан баш тартууга жана климаттык өзгөчө кырдаалды жарыялоого чакырышты.

2023-жылдын жай айлары тарыхтагы эң ысык мезгил болду. Экологдор жакынкы беш жылда абанын табы 1,5 градуска чейин жогорулайт деп болжолдоп жатканы жакында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму менен Европадагы климаттын өзгөрүшүн изилдөө боюнча Copernicus кызматынын биргелешкен баяндамасында айтылган.

Буга чейин БУУ өндүрүштөн чыккан зыяндуу газдардын көптүгүнөн жана Эл-Нино кубулушунан улам алдыдагы беш жылда дүйнөдө абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетерин эскерткен. Бул кубулуш Тынч океандын экватордук сууларынын жылышынан улам пайда болот.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *