Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Түркияда кырсыкка кабылган экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды

0
Түркияда кырсыкка кабылган экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 18-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында кырсыкка кабылган тик учактын бортундагы экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылганын билдирди.

Маалыматта учурда каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатканы айтылат.

Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик. Алар менен кошо бортто  түркиялык жаран да болгон.

Учкучтардын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган.

Ал азыр ооруканада жатат, абалы туруктуу экени кабарланды.

Өрт өчүрүүгө тартылган тик учак боюнча алгачкы маалыматында Башкы консулдук окуя 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) болгонун, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөнүн билдирген.

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүрүшкөнү айтылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *