Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

"Тозок бүттү". Ирандын түрмөсүнөн бошотулган туткундар

0

АКШ менен Ирандын ортосундагы туткундарды алмашуу жараянынын алкагында Тегерандагы түрмөдөн бошотулган беш америкалык жаран отурган учак 19-сентябрдын таңында Кошмо Штаттарга конду. Бул үчүн Ирандын Түштүк Кореядагы алты миллион доллардай активи камактан чыгарылды. Ал эми Америкадагы түрмөдөн бошотулган беш ирандыктын экөө мекенине кайтмай болду.

"Түштөй сезилип жатат"

Бир канча жыл Ирандын түрмөсүндө өткөргөн америкалыктар жакындарын көргөнүнө жетине албай көздөрүнө жаш алышты. Учактан алгач Сиамак Намази жана анын атасы Бакер чыкты. Аларды тосуп алган Сиамактын бир тууганы Бабак "тозок акыры бүткөнүн" билдирди.

"Сегиз жылдан кийин баарыбыз чогуу болгонубузга жетине албай турабыз. Сегиз жыл өттү. Абдан кубанычтабыз, ыраазыбыз. Түштөй эле сезилип жатат. Азап-тозоктун баары бүттү. Ушул көз ирмемдер түшүмө кирер эле. Чочуп ойгонуп кетип, түш экенине өкүнүп кетчүмүн. Мына ошол түшүм эми ишке ашты. Колдооңорго чоң рахмат. Бул эң оор, эң кыйын сегиз жыл болду", - деди ал. 

Ирандан кайткандардын жакындары «Эркиндик!» деп кыйкырып жатышты. Беш жаран жана алардын эки тууганы 18-сентябрда Тегерандан Катардын баш калаасы Дохага жеткирилген. Ал жактан АКШнын Катардагы элчиси тосуп алып, Америкага узаткан.

"Бүгүн Ирандагы түрмөдө камакта жаткан америкалык бейкүнөө беш жаран акыры мекенине кайтып келе жатышат", - деген АКШнын президенти Жо Байден "макулдашуунун ишке ашуусуна бир нече айдан бери көмөктөшкөн" Оман жана Катардын лидерлерине ыраазычылык билдирди.

Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн барган Ирандын президенти Ибрахим Раиси туткундарды айырбаштоо жараянын "ишенимди курууга жардам бере турган, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы гуманитардык кадам" деп атады.

Эки өлкө ортосундагы макулдашуунун алкагында Ирандын Түштүк Кореядагы алты миллиард доллардай активи камактан чыгарылды. Келишимге ылайык, бул каражат Катардагы банктарда сакталат. Ал акчалар азык-түлүк, дары-дармек сыяктуу гуманитардык чыгымдарга коротулат.

Эл аралык кризис тобунун Тегеран боюнча долбоорунун директору Али Ваез келишимди сынга алгандарга мындай жооп берди:

"Бул макулдашууну сынга алгандар америкалык туткундар Ирандан акчанын күчү менен чыгарылганын айтып жатышат. Бул америкалык туткундарды бошотуп алуу үчүн колдонулган Ирандын эле акчасы. АКШ Иранга эч кандай акча төлөп берген жок. Бул Ирандын эле активдери экенин эске алуу керек".

Кимдер бошотулду?

АКШда камактан бошотулган беш ирандык жарандын экөө Тегеранга кайтып барды.

Маалыматка караганда, дагы экөө Америкада өз ыктыяры менен калды. Ал эми дагы бирөө өзүнүн суранычы менен үчүнчү өлкөгө чыгып кетери маалым болду.

Ал эми Тегерандагы түрмөдөн бошотулгандардын арасында 2015-жылы кармалып, тыңчылыкка айыпталган Сиамак Намази, жаратылышты коргоо менен алектенип келген, иран тектүү Морад Тахбаз, инвестициялык фонддун кызматкери Эмад Шарги бар. Үчөө тең он жылдан кесилген. Төртүнчү, бешинчи киши ким экени ачыкталган жок.

Сиамак Намазинин улгайып калган атасы Бакер 2016-жылы уулу менен жолугушууга барып, камалган. Ал дагы "чет элдик душман менен кызматташканы үчүн айыпталып" 10 жылга эркинен ажыратылган. Бакер былтыр ден соолугуна байланыштуу бошотулган. Бирок ага Ирандан чыгууга уруксат берилбей келген.

Тегерандын дарегине сын 

Иран бийлигин чет элдиктерди мыйзам бузду деген шылтоо менен негизсиз камакка алып, аларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп айыптап келишет.

Ирандагы соңку нааразылык толкундоолору маалында да 40ка чукул чет өлкөлүк жаран себепсиз кармалганы маалымдалган.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен жетишкен макулдашууга ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы Вашингтон Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада санкциялар кайрадан киргизиле баштап, Иран өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр 2021-жылдын апрелинде Венада башталган. Бирок тараптар мунасага келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жатат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *